Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Суракматовдун “өпкө короздой” жүрүшү – элдин кыжырдануусун келтирди”

“Суракматовдун “өпкө короздой” жүрүшү – элдин кыжырдануусун келтирди”

20-июнь, 00:07
1 765 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кийген кийимдери талкууга түштү. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары бийлик өкүлүнүн  жасаган иштери көрүнбөй жатканын айтышып, “кымбат баалуу кийимдердин ордуна жөнөкөйлүктү тандаса жакшы болмок” деген пикирлерин калтырышкан. Сүрөт Суракматов мэрияда иштеген жан-жөөкөрлөрү менен бирге шаарды кыдырып жүргөн учурда тартылып алынганын байкоого болот. Фейсбукта тараган бул сүрөттө калаа башчысынын айрым жеңил кийимдеринин баасы эле 2000 долларды чапчып, дүйнөгө белгилүү бренддерге таандык экени көрсөтүлгөн. Маселен, анын баш кийиминин баасы 330$ Gucci, бут кийими 710$ Louis Vuitton, көз айнеги 550$ Louis Vuitton. 

Айбек Мырза, жарандык активист:

-- Жөө адамдар жүрүүчү жолдордун оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүшүн, сейил бактардын калыбына келтирилип, жаңы парктардын ачылып жатканын Азиз Суракматовдун мэр катары жасаган иштери катары айта алам. Ал эми кийимдери болсо, бул ар бир адамдын өзүнүн баалуулугуна жараша болот го. Мэр буга чейин бизнесте жүргөн адам, эгерде кымбат баалуу кийимдерди кийгиси келсе, бул анын жеке иши да. Бирок, чынын айтсам, мен деле анын кымбат, бренддик кийимдерди кийерин билбейт экенмин. Карапайым адамдар аны байкабайт деле. Брендди ошондой сапаттуу кийимди тандагандар гана айырмалай алса керек. 

Адил Турдукулов, саясатчы:

-- Биринчиден, бийлик өкүлүнүн ишмердүүлүгү анын жасаган иштерине жараша  бааланат. Анын кийген кийимине чейин сындап кирүүнүн кажети жок го. Бирок, ошол эле учурда мэр эл менен тыгыз иштеген жана түз байланышта болгон адам  болгондуктан, этика жагын да карап жүрсө туура болот эле. Анткени, бул дагы мамлекеттик кызматкер үчүн өтө маанилүү.  

Аманбол Бабакулов, жарандык активист:

-- Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун иштеп жатканын көрбөй элебиз. Мэрдин командасы күчтүү болуп, аппарат жетекчиси ишти алып барып, артын жаап жатат да. Негизи мэр катары иш жасап жатканын мен байкаган жокмун, муну ачык айтышым керек. Ал эми ушундай кыйын, көпчүлүк үй-бүлөлөр баштарынан оор күндөрдү өткөрүп жаткан учурда анын белгилүү бренддеги, кымбат баалуу кийимдерин көргөзүп, сейилдеп жүрүүсү – өпкөлүк, аша чапкандык катары эсептейм.   

-- Айрымдар мэрдин кийинүү табитин баалап, анын буга чейин бизнесте жүргөнүн эске салып жатышат...

-- Ал бизнесмен болуп, акчасы ашып-ташып, алтындан таажы кийип алган болсо да, азыркы ушундай абалда – мамлекетибиз кыйналып, бюджетте акча жок, милиция менен медицина кызматкерлеринин айлыгын бере албай отурган маалда биздин ишкерлерибиздин кийимдерин көрсөтүп, короздонуп жүргөнү – элдин кыжырдануусун гана жаратууда.   


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер