Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Назира Айтбекова үйлүү болгонун жарыялады
Назира Айтбекова үйлүү болгонун жарыялады
21-июнь, 16:52


Блогер Назира Айтбекова үй алып, кубанычы койнуна батпай турган жаңылыгы менен өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу бөлүштү.
«Сүйүнчү, үй алдым да! Өз күчүм менен тырмышып алган экинчи үйүм. Өлө мактанайын да! Бирични үйүмдү апама белек кылдым. Экинчиси уулума. Анан мага эрим же жигитим алып берсин чет өлкөдөн» деп жазды.
«Аябай кубанып, жетине албай жатам. Ушул эки кишиге орун очок жасап коюп, өзүмдүн турмушумду курат элем» деди.










