Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мелис Турганбаев эки адамдын өлүмүнө качан жооп берет?

Мелис Турганбаев эки адамдын өлүмүнө качан жооп берет?

26-июнь, 23:48
347 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушул күндөрү Мелис Турганбаев спортту шылтоолоп, ар кандай мелдештерде жүрөт. Ага байланыштуу бир кайгылуу окуяны эске салалы. Министр кезинде курулай пиарды пайдаланып, Алтынбек Итибаевди террорист катары айыптап, “Достук” кичирайонунан аны жок кылуу операциясын жасайт. Көп кабаттуу үйдөгү жашоочуларды толук чыгарбай эле аскерлерге буйрук берип, аткылатып кирет. А жердеги кошуна квартирадан кемпирге ок тийип каза болсо, дагы бир спецназ оор жаракатынан көз жумат. Ошентип, шашылыш, сабатсыздыктын айынан жүргүзгөн ишинин ойрону чыгып, эки адам өлүп атпайбы! Эгерде Мелис Турганбаевден башка профессионал кадр министрликти башкарганда, мындай каргашалуу көрүнүш орун алмак эмес. Алтынбек Итибаевди тирүү кармап, тийешелүү суроолорду берип, эгерде күнөөсү аныкталса, мыйзамга жараша жазасын алмак. Тилекке каршы, Мелис Турганбаев жогору жактагылардын көзүн будамайлап, атын чыгаруу, мактануу таризиндеги жеңил-желпи операциясы трагедиялуу аяктаган. Агезде кызматынын күчүнө салып, жоопкерчиликке тартылбай, кутулуп кеткенин кантесиңер? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер