Акыркы кабарлар
14:12
» Шоу-Бизнес » Ырчы кызга түрк жигити бриллиант шакек тартуулады
Ырчы кызга түрк жигити бриллиант шакек тартуулады
10-март, 13:45


Кыргыз шоу бизнесинде жаңыдан таанылып келе жаткан ырчы кыз Саниа түрк жигитине турмушка чыгарын басма сөз булактарынын бирине маалымдады. Ал турмушунда өзгөрүү болгонун, жолдошу менен эки ажырым жолго түшүп, чыгармачылыгын Түркия мамлекетинде улантарын айткан. Көп өтпөй биротоло түрк туугандарга баш байлаганын кабарлады.
"Сүйүктүүм экөөбүз жаңы жылда клубдан таанышканбыз. Аты Исмаил Али, жашы менден кичүү. Кийинчерээк экөөбүз бир академияда окуп жатканыбызды билип, аябай таңкалдык. Исмаил менен таанышкан учурда мен депрессияда жүргөм. Ошондо мени моралдык жактан колдоп, көңүлүмдү ачканга аракет кылып, чайга чакырып, баары жакшы болорун айтып жүрдү. Бара-бара дос болуп кеттик. Туулган күнүмдү 6-март деп ойлоп, түнкү саат 00:00дө келип күтүүсүз белек жасап, бриллиант шакек тартуулады. Айтор, күтүүсүз белектерди берип таңкалтырып жатат. Мени дагы сүйө турган адам бар экен, мен бактылуумун" дейт ырчы кыз “Фабула-пресске” берген маегинде.










