Өзүмдөн 19 жаш улуу адам менен бактылуу боло аламбы?


Бир адам менен 3 жылдан бери сүйлөшүп жүрөм. Ал менден 19 жашка улуу. Экөөбүздүн никебиз бар, эки жылдан бери биргебиз. Бирок ушул убакыт ичинде мени менен бир да жолу түнөп калган эмес. Кечки саат 19:00дөргө чейин гана болуп, болгону 3-4 саатка жолугуп кетчүбүз.
Жарым жыл мурун аялы өзү “ажырашалы” деп айтыптыр. Бирок ал башында ажырашкысы келген эмес. “Балдар үчүн жашайлы” деп жүрдү. Экөөнүн эки кызы бар. Кийин аялы макул болбой, учурда экөө расмий түрдө ажырашып жатышат.
Ажырашардын алдында аялына машинасын жаңылап, азыр болсо үй алып берип жатат. Мен буга каршы эмесмин. Анткени ал – балдарынын энеси. Балдары үчүн кам көргөнү туура...
Азыр мага официалдуу үйлөнгөнү калды. Мен аны чын жүрөктөн сүйөм. Бирок ичимди бир нерсе тынч койбойт. Ал аялы менен 13 жыл жашаган, ортодо балдары бар. Ажырашкандан кийин деле сүйлөшүп, көрүшүп турушат да.
Кээде өзүмө өзүм суроо берем: “Башында ажырашкысы келбеген адам кийин мага толук көңүл бура алабы?” деп. Анткени ушул 3 жыл ичинде мага бир да жолу “үйлөнөм”, “ажырашам” деп айткан эмес. Болгону аялы өзү “кетем” дегенден кийин гана ажырашуу маселеси чыкты.
Ушуга чейин көп нерсеге чыдап жүрдүм. Бирок акыркы убакта аябай чарчап кеттим...
Айзуура











