Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Апаз Жайнаковдун 60 жылдыгы эмнеге токтотулду?

Апаз Жайнаковдун 60 жылдыгы эмнеге токтотулду?

06-март, 13:41
973 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мындан бир ай мурда “Апаз жайнаковдун 60 жылдыгы” 6-мартта өзүнүн кичи мекенинде, А.Жайнаков атындагы Баткен областтык музыкалык-драма театрында белгиленээри маалым болгон. Тилекке каршы, театрдын жамаатынын кызуу даярдыгына карабай, аталган иш-чара токтотулду. Буга себеп, коркунучтуу вируска байланыштуу өкмөт тарабынан чыккан массалык ич-чараларды өткөрбөй туруу токтому болду. Бул тууралуу театрдан билдирүү тарады. 

“Урматтуу Баткен театрынын жана Апаз Жайнаковдун күйөрмандары, сиздерге күтүүсүз кабарды угузууга туура келди.
 6-мартта Апаз Жайнаковдун 60 жылдыгына арналган театрыбызда өтүүчү эскерүү кечеси токтотулду. Ага себеп бүгүнкү күндө дүйнө боюнча коркунуч жаратып жаткан вируска байланыштуу өлкө боюнча маданий мекемелерде өтүүчү пландаштырылган иш-чаралар убактылуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Ошондуктан түшүнүү менен карайсыздар деген үмүттөбүз. Сиздерди терең урматтоо менен театрдын жалпы эмгек жамааты”дейт уюштуруучулар. Бул тууралуу "Фабула пресс" кабарлады.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер