Назира Айтбекова: “Кээде баары жанымда турса деле сагыныч кайдан-жайдан келет”
Теле кызы Назира Айтбекова ички сезимдери менен бөлүштү.
“Сагыныч – кызык сезим. Ичиңди толгоп, аңтар-теңтер кылып кууратып жиберет. Каңгырап боштук келет дагы улуп турат. Ичиңден сызып, демиң кысылып, жаныңды коёрго жер издейсиң.
Бул сезим менен алгач бала чагымда тааныштым. Чоң энемен узак калдым дегиче, сагыныч саздай соро баштайт. Эңшерилип жандүйнөм чоң энемдин карааны көрүнмөйүн кыйналам.
Кийин турмуш курганда жолдошума туйдум. Кош бойлуу кезимде караанына зар болом десең! Челкейип курсагымды көтөрүп алып, жумушуна барып алам да, ал иштегиче узактан тиктейм. Чарчап, белим ооруп, жаткым келип, көрүнгөн тамакты эңсегенге кайыл! Иши кылып карааны көрүнсө болду.
Азыр уулумду ошентип сагынып турам. Өзгөчө узак жолго чыгып жатканымда “уулум менсиз кантти экен? Ыйлап аткан жокпу?” деген ой каптап алат дагы, баягы өзүмдүн энеме болгон сагынычым ээлеп алат. Ошол сагынычты уулум кийип алып, бышактап ыйлап атканын элестетип, куурула баштайм.
Кээде баары жанымда турса деле сагыныч кайдан-жайдан келет. Кетким келип, кимдир бирөөнү жоктоп, азыр эле колумда кармап туруп жоготуп алгандай карайлай баштайм. Ичимде чоң энемден калгандай сезилет. Чоң энемдин жоктугуна көнгөнүм менен сагынычты жандүйнөмөн чыгара албай убарамын. Үстүмө кара булуттай чөгөт дагы, буулуккан жанды буркан-шаркан кылып сыртка чыгарып, көнөктөп көз жаш төгүлмөйүн кетпейт. Сагынычтын дабаасы барбы?”