Бегимай Карабаева: “Күндөшүм эмес, оттой ысык досум бол” деп кимге айтты?


Ырчы Бегимай Карабаева мурунку жолдошунун тааныш кызына үйлөнгөнүн айтып, эки жашка бакыт каалады.
“Достор, сиздердин да араңыздарда эки айрым жолго түшкөн үй-бүлөлүү адамдар болсо керек? Эгерде сиздердин мурунку жолдошуңуз же келинчегиңиз өз бактысын таап, бактылуу болуп кетишин каалайт белеңиздер? Кечээки күндөн бери кубанычымда чек жок, жакшы кабар угуп, сүйүнүп жүргөн кербезим. Кудайым бактылуулукту берсин сага, жүрөгүң ыйманга толуп, алган жарың менен түбөлүккө өмүр сүрүп, тааныш сиңдимди капа кылбай жашап кетишиңди таптаза жүрөк менен каалаймын. Алтындарым, эки дүйнө бактылуу болгула! Келинчегиңе менден ак жоолук! Эми келинчегиң менен мамилени мурункудай эле уялбастан эле сүйлөшүп, жакын достордон болобуз буйруса. Жүрөктөр оорубайт, Кундузка, алтышка көшөгөң көгөрсүн. Кайын журтту сыйлап, кызматтыңды көрсөтүп, чарчабай жүр! Күндөш эмес, оттой ысык досум бол эми” дейт ырчы айым.
Aryba.kg











