Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асел Кадырбекова: “Азыр мен мурунку Аселди эмес, жаңы жашоомду издеп келем”

Асел Кадырбекова: “Азыр мен мурунку Аселди эмес, жаңы жашоомду издеп келем”

30-ноябрь, 12:01
8 529 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Асел Кадырбекова өзүнүн жеке жашоосу тууралуу ой бөлүштү:

“Сиз күчтүүсүз. Кыйынчылыкта кантип сынган жоксуз? Сиз дем берүүчүмсүз. Сизди карап туруп мен да баарын жеңем деп ойлоном” деген каттар күн сайын айымдардан келип турат. Баарыңыздарга рахмат. Менин катталуучуларым мага өз тагдырларын жазып жөнөтүшөт. Көрсө, аларда менден да татаал тагдыр бар экен. Окуп алып ыйлайм. “Ушундай кантип болсун?” деп өзүмду жоошутам.
 Бирок…

Менин жашоомдогунун жарымын гана билесиздер, көпчүлүгүн көкүрөгүмө катам. Кандай болгон күндө да, “баары жакшы болот” деп карап отура бербөө керек. Ар бир аялзаты өзүн колго алып, күчтүү болушу керек. Сизди эч ким токтото албайт. Сиз жакшы жашоого өзүңүз кадам ташташыңыз керек. Мен өзүмдү издөөдөмүн. Төгүлгөнүмдү толтуруп, чачылганымды чогултуп, кайрылган канатымды калыбына келтирип алуунун аракетиндемин. Убактысы келгенде сиз менен баарын бөлүшөм. Азыр мен мурунку Аселди эмес, жаңы жашоомду издеп келем”.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер