Малика Дина: “Кызымдын атасы экөөбүз жакшы мамиледебиз”
24-октябрда Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде ырчы Малика Дина кызы Айгүндүн урматына той өткөрдү. Ал тойдогу сүрөттөрдү социалдык тармактагы баракчасынын “сторис” функциясына жүктөдү. Тойго 100гө жакын конок чакырылган.
Ырчы тойдогу сүрөттөрдү, “кызымдын атасы” деген мырза менен бирге бийлеген видеону социалдык тармакка жүктөгөндөн кийин катталуучулар ырчынын аны менен мамилесин сурай баштаган. Малика Дина суроолорго төмөндөгүдөй жооп берди.
“Экөөбүз жакшы мамиледебиз. Бизди ортобуздагы кызыбыздан башка эч нерсе байланыштырбайт. Ата-энелердин мамилеси өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө таасир этет. Мен кызыбыздын бизди жакшы мамиледе болгонубузду көрүшүн каалайм. Жолдошум учурда бойдок. Мен ага чын жүрөктөн бакыт каалайм. Мен мындан ары бул темага кайрылгым келбейт. Ар бир үй-бүлөгө чексиз бакыт каалайм” деген.
Малика Дина 7 жыл мурун тарткан клибин дагы “сторис” функциясына жүктөп, “бул ыр баштан-аяк менин жашоомду баяндайт. Көпкө созулган жана жандүйнөнү ооруткан окуя. Сүйгөн жүрөктөргө кайрыларым, дос, курбу болумуш болуп жүргөндөргө кулак салбагыла, башкалардын айткан ар кандай пикирлеринин таасиринен канчалаган үй-бүлөлөр урап жатат. Албетте, күнөө бир тараптан эле кетпейт, мамиле эки адамдын ортосунда куралат жана ал бузулса, анда аны эки тарап тең бузган болот” деп жазган.