Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуриза Бектурова, модель, актриса: “Бир жумушта иштей берсем жашоо кызыксыздай сезилет”

Нуриза Бектурова, модель, актриса: “Бир жумушта иштей берсем жашоо кызыксыздай сезилет”

02-февраль, 13:34
5 888 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бажарики” кинокомедиясында жана ондогон клиптерде тартылган Нуриза бизде мейманда. 

-- Нуриза, кайсы сулуулар сынактарынын жеңүүчүсүсүң, өзүң тууралуу уксак?

-- 1998-жылы 19-октябрда Казарман айылында төрөлгөм. Борбор калаабыздагы  69 гимназияны бүтүрдүм. 11 жыл бою ушул мектепте окудум. Тогузунчу класста окуп жүргөндө сулуулар сынагына катышып, “Өнөрлүү кыз” номинациясын алгам. 10-классымда актриса, модель эжебиз Айкөл Аликжановадан сабак алгам. Ошондон баштап моделдик дүйнөгө башбагып, бир нече сынактарда жеңүүчү аталдым.

-- Актриса катары да көп тасмаларга тартылыпсың...

-- Азыркы учурда бош убактымда кийимдерди жарнама кылып, сүрөткө түшүп, модель болуп иштеп турам. Бир эле жумушта иштеп жүрө берсем, негедир жашоо кызыксыз өтүп жаткандай сезилет. Ошондуктан ар кандай конкурстарга катышып, же дүкөндөр менен иштешем. Кыргыз ырчыларынын клиптеринде образ жаратам. Бир нече тасмага да тартылгам.  

-- Тасма, клиптердин айрымдарын атай кетсең?

-- “Бажарики” кинокомедиясынын биринчи жана экинчи бөлүгүндө тең Нарынга келин болгон үчүнчү кызынын ролун жараткам. Талант 60 К & Айа Садыровалардын "Келчи гүлүм", Нурмат Садыровдун "Кыргыз кыздары", Улан Осмон уулунун "Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар", Жайнагүл Тентиеванын "Жарың болоюн" ж.б. белгилүү бир топ клиптерде башкы каармандын образын жараттым.

-- Саясатка кызыгасыңбы?

-- Азырынча саясатка кызыгуум деле жок. Балким, келечекте кызыгуу жаралып калаар. Саясатчыларга көп деле маани бербейм.  

-- Белгилүү адамдардан колуңду сурагандар болду беле?

-- Болгон. Бирок, жеке турмушта жүрөгүм бош эмес. 

-- Ушак сөздөр кейитеби?

-- Жок, кейитпейт. Кудай көрүп турат, Жараткандын алдында ак болсом болду.  Мени ошол ушакты чыгарган адамдар кейитет. Мен жөнүндө ушак сүйлөйбүз деп атып, өздөрү күнөөгө батып жатышат, ошол кейитет. 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер