Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Заара ушаткан жигиттин кылыгы видеого түшүп калган
Заара ушаткан жигиттин кылыгы видеого түшүп калган
30-октябрь, 18:05


Кечээ, 29-октябрдан 30-октябрга караган түнү Бишкек шаарындагы Масалиев менен Айтматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда токтоп турган унаага заара ушатып жаткан жигитке эскертүү берген күзөтчү ур-токмокко алынды.
Жабырлануучу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде күзөтчү болуп иштейт. Алтымыш жаштагы күзөтчүнүн эскертүүсү жакпаган жигит, аны дароо эле ур-тепкиге алып, жерге жаткырып алып да сабаган.
Атасындай кишини сабаганын көргөн ары жактагы бейтааныш киши келип, зөөкүр жигитти ары алып кетүүгө аракет жасаган.
Жабырлануучу күзөтчү милицияга арыз жазды. Ал эми заара ушаткан жигит күзөтчүнү сабаганы видеокамерага түшүп калган.
Түн ортосунда короодогу унаага заара ушатканы аз келгенсип, кары адамды сабаган зөөкүр изделүүдө.Aryba.kg