Мекенчил акын эже


Мындай “патриот” акындар саясатты ыр менен чагылдырышат. Бул жанр “саясый лирика” деп аталат (“политическая лирика”). Албетте, мындай автор деле “сүйүнүн лирикасын” да жаратат, бирок бул “чексиз сезимге” батып, андан чыгалбай, буга “туткун” болушпайт. Саясат болсо “сезим” эмес – бул талаш-тартыш, полемика, сын пикир. Бул “калем менен” коомду “тазалоо”.
Меңди Мамазаирова так ушул топко кошулуп, “мекенчил акын” деген даражага ээ болду. Муну адабиятчы-журналист Эсенбай Нурушев белгиледи (акындын “Салам, Homo Sahiens!” деген ыр жыйнагына жазган киришүү сөзүндө). “Саясый лирика» деген түшүнүктүн мааниси Меңди эже жазган төрт эле сап ырдан даана көрүнүп турат. Мына ошол саптар:
Кайран эл, кайран кыргыз,
Ишенип бал сөзүнө,
Шайлаган сени башчы кылып,
Өз шоруна!!!
Бул “Бир чиновникке” деген көлөмдүү (58 саптан турган) ырдын аягындагы саптар (финиш). Аягындагы “кайгылуу илеп белгини” (восклицательный знак) автор өзү үч ирет коюптур. Эң ток этер жери бир эле сапта – “шайлаган сени башчы кылып”. Чиновникти бизде эч ким шайлоодон өткөргөн эмес, муну ажо буйрук менен кызматка коёт. Ал эми депутатты болсо эл шайлайт, бирок ал мамлекетке “башчы” эмес да. Демек, бул жерде сөз түздөн-түз президентке тийешелүү – бир эле ушул инсан өлкөгө “башчы болуп шайланат”. Кыргыз журтуна президент болгондорго карата жазылган ыр, ал эми ырдын “Бир чиновникке” деп аталышы, бул акындын “тактикасы”. “Бир президентке” деп кантип атасын?.. Тем более, “бирден” ушул топ ашып кетсе, анан “элден чыккан кийиктер” бизде арбын болуп, просто “сериал” дегенге айланып кетсе...
Ажонун “дареги” айтылды, эми ушуга каршы чыккандардын арасынан “ОБОН” дегендерди акын минтип сындайт, көркөмдүү “элестер” менен.
“Эшмат кетсе, Ташмат келет,
Жыргал заман куруп берет”.
Кабактары жарык эмес,
Бой-турпаты арык эмес.
Күүлдөшүп чала кызуу,
Булар элдин намысы эмес!
Меңди Маманазарова 1943-жылы Кара-Суу райондогу Коңур-Жаз айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, телерадиокомитетке алынат. Кийин мектепте мугалим, Ош музейинде экскурсовод, “Мугалимдер газетасында” кабарчы, “Азаттык” радиосунда да иштеди. Мамлекеттик телерадиокорпорацияда комментатор болду.
1975-жылы биринчи чыгармачылык китеби чыкты, анан ондон ашык жыйнактар жарык көрдү: аңгеме, повесть, роман, ыр, поэма, драма жанрдагы китептер. “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”, “Кыргыз Эл жазуучусу” деген наамдарды алды. “Даңк” медалы жана “Манас” ордени менен сыйланды. Ушундай даражалуу инсан Кыргызстандын улуттук энциклопедиясына кирбей калыптыр. Бул 8 жыл катары (2007-2016) басылган, 9 томдук көлөмдүү эмгек. Анын редколлегиясы (33 кишиден турган) “унутуп” калышыптыр. Жалгыз эле Мамазаирова эмес, дагы 54 белгилүү инсандар “унутулду”, анын ичинде үч президент, бир премьер-министр, спикер, эки жолу губернатор болгондор, генералдар, министрлер, генпрокурор, президенттик администрациянын башчысы, иши кылып, просто “кошмар”. Белгилүү адамдар кирбей калды – булар томдор басылган учурда (2007-2016 жылдарда) аттын кашкасындай болуп элге таанылып калышкан. Ушул жерден “Тазбайматтын синдрому” накта көрүндү. Эми кантебиз? “Энциклопедия” деп аталган нерсе 25 жылдан кийин чыга турган эмгек. Эмки чыгарылыш болсо 2041-жылы басыла баштайт. Күтөбүз...
Ал эми “Адабият энциклопедиясында” (3-томдук) Меңди Мамазаирова жөнүндө кенен маалымат берилди. Муну түзгөн Аттокур Жапанов эч кимди унуткан жок. “Мекенчил акын эжебиз” да чыгармачылыгында эч кимди унуткан жок. Калемдештерге, замандаштарга ыр арнады: анын ичинде залкар адамдар, белгилүү инсандар, достору, жакындары (баардыгы элүүдөн ашык кишиге арноо ыр жазылыптыр). 2009-жылы “кошок-ый” жанрда “Чыңгыз” планетасы” деген ырды жаратты. Улуу адамды “асманга” тең кылды. Ошол жерден эки эле сапты келтирейин:
Кыргыз-Чыңгыз, кылыч эмес сөз менен
Бүт дүйнөнү багындырып таштады!
Мекенчил акындар деле “сезимге” берилип, философиялык ой жүгүртөт, антпесе поэзия кайдан жаралсын? Ошондой ырлардын бирин толук берели.
Тал
Көрктөнүп жазында сен жашыл элең,
Көркүңө көөнүм түшүп ашык элем.
Көйнөгүмдү сеникине окшото албай,
Көп жолу ыза болуп жашыр элем.
Күз келди...
Жалбырагың көрксүз соолуп,
Мен жүрөм дале ошондой жашыл болуп.
Ушул “сериядан” дагы бир цитата. Ырдын аталышы “Сагызган”.
Күндө келип эшикке шакылыктайт,
Чарчабадың неге сен сагызган ай.
Башкаларча жек көрүп таш ыргытпайм,
Жакшы кабар апкелсең, оозуна май!
Меңди Мамазаирова кыргыз поэзиясынын классиги Жолон Мамытов менен баш кошкон. Эки акын үлгүлүү үй-бүлөнү курушкан. Жолон агай 49 жашында каза болгон. Улуу акынга арнаган жубайынын саптары мына.
Жолон Мамытовго!
Ырыңа узак өмүр болсун дедиң,
Жакшылык кыргыз элге консун дедиң.
А өзүң элүү жашка чыкпай жатып,
Кылымды жүз жашына толсун дедиң.
Мекечил акындарга (“патриот акындар” десек да туура болот) эң негизги тема – бул Ата мекендин тагдыры, ушуну бийик сезишет. Алыкул Осмоновдун ыры: “Сен ооруба, мен ооруюн Ата журт” булар үчүн лозунг болуп калган. Ушул темага ар тараптан кайрыла беришет – түйшүгү да, күйүтү ушунда. Дагы бир саптарды карап көрөлү (2020-жылы чыккан жыйнакта):
Жашык болуп көңүлүм турат бүгүн,
Батыра албай жүрөккө доор жүгүн.
Туңгуюктан элимди алып чыгар,
Катарыңдан көрө албай кыргыз уулун!
Ооба, кайгы-муң, бирок бул жерде: “Үмүтү үзүлгөн кайгы эмес. Үмүт бар, бул нерсе мекенчил адамдардан эч бир үзүлбөйт. Майрам Акаева айткандай, “у надежды не бывает ночи”. Саптарды улайлы:
Жер сорду беле, эч кимден...
Таяныч таппай чыркырап...
Эшиксиз калган сезимден,
Шамалы боздойт ыркырап...
“Философская лирика” деп ушундайды белгилейт. “Эшиксиз калган сезимден шамал ыркырайт” – бул эстен чыкпай турган поэзиянын көркү. Анан ушундай ырдан кийин акын мындай суроону элдин астына салып атат.
Каргышка калган жок беле,
Байыркы баатыр улутум?
Барчалап болуп эмнеге,
Жер, сууну койбой куруттуң?
Мындай суроону койгонго негиз керек. Негиз бар – жер сатылды, суу чачылды. Жетекчилердин айынан кыргыз элибиз Үзөңгү-Кууштан жана Каркырадан айрылды. Кумтөрдүн алтынын ажолор “акционердик коомдун” менчигине айлантып, “инвесторго” сапырып эле беришти. Эми “кийик” болуп туш-тушта качып жүрүшөт. Мындай суроону ырга айлантып бериш үчүн нукура “патриот” акын болуш керек. “Трещины мира проходят через сердце поэта” деген акылмандын сөзү бар. Кыргызча которсок бул мындай угулат: “Дүйнөнүн жаракалары акындын жүрөгү аркылуу өтөт”. Ооба, мындай жүрөк “патриот акындарда” бар. Ушундай акындын ырынан дагы мисал келтирели:
Мекен бирөө!
Кезек келди коюн ачпай бөтөнгө,
Күн астында туругуңду,
Чачып албай уругуңду,
Мекен үчүн, кыргыз үчүн,
Мезгил жетти жүгүрөөр.
Эрди тууп, эр өстүргөн,
ЭНЕ ошондо сүйүнөөр.
Меңди Мамазаировага арнаган ырларга да көңүл буралы. Мамасадыкова Айжан деген акын кызыбыз эжейине арнап бир көлөмдүү поэма жазыптыр – 276 саптан турган чоң чыгарма. Ушундан эки жерин берели:
Эл эмгегин жегендерди,
Чыркырап айтты Меңди эже.
Элди экиге бөлгөндөрдү,
Буркурап айтты Меңди эже.
Кыргыз жерин саткандарды,
Кыргызга ок аткандарды.
Кымырылып, кымтынышып,
Кырт күнөөгө баткандарды.
Улгайган куракта, өткөн жылдарга кайрылып, жаш чагын эстеп, Меңди эже мындай бир лирикалык саптарды жаратты:
Тентек элем шамалдай, ыкчам элем,
Кулачында кыялдын учкан элем.
Жаштыгымды колума чырак кылып,
“Жарытам деп дүйнөнү!” чыккан элем.
Эми акын айымдардын арасынан “патриарх” даражага жеткен “патриот” эжебизге жакшылыктын баарын каалап, өзүнө карай мындай сөз айталы:
Кымбаттуу Меңди Мамазаировна! Сиз Ата мекендик согуш учурунда жаралып, анан бойго жеткенде дүйнөнү “жарытам” деп чыктыңыз эле. Эми айтып коёлу, ушул ишти толук аткардыңыз. Жарандык аракет менен доорду “жарыттыңыз”, мекенчил ырларыңыз менен өлкөнү “жаркыраттыңыз”. Эми арабызда болуп, бир кылым жашаңыз!
Сый-урмат менен
иниңиз, профессор Кубан Мамбеталиев
"Азия Ньюс" гезити











