Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Анжелика: “Стамбулга Айлин экөөбүз жөнөдүк. Операцияларыбыз ийгиликтүү өтсө...”
Анжелика: “Стамбулга Айлин экөөбүз жөнөдүк. Операцияларыбыз ийгиликтүү өтсө...”
06-июль, 17:55
5 295 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ырчы Анжелика Кайратова Түркияга операция жасатууга бара турганын социалдык баракчасы аркылуу билдирген.
“Өлүмдөн башкасынын баарына туруктуулук бере алабыз. Алыбызга жараша сыноо жана мүмкүнчүлүктөр болот экен. Стамбулга Айлин экөөбүз жөнөдүк. Операцияларыбыз ийгиликтүү өтүп кетсе эле, биринчи ирет кырсык болгон жерге барып кан чыгарып, куран окутуп, жол белгилерин орнотобуз. Ал каргашалуу жерде бизге чейин кандай авариялар болсо, бизден кийин деле абдан көп кырсыктар болуп келүүдө” деп жазды ырчы жеке баракчасына.
Эскерте кетсек, ырчы быйылкы жылдын 23-январында кыздары менен Ысык-Көлдөн келе жатканда жол кырсыгына кабылган.