Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Самара Каримова: “Мага боло берет” дебеңиз”
Самара Каримова: “Мага боло берет” дебеңиз”
24-май, 12:29


КР эмгек сиңирген артистти, актриса Самара Каримова жашоого умтулуучу, дем берүүчү асыл кеңештерин күйөрмандар менен өздүк баракчасына бөлүштү:
“Мага боло берет” дебеңиз. “Мага эң мыктысы керек” деп айтыңыз!
“Чарчадым” эмес, “эс алышым керек” деңиз!
“Күнөөлүүмүн” эмес, “бул мага тажрыйба болду” деп айтыңыз!
“Убактым жок” эмес, “кийинчерээк кылам” деп айтыңыз!
“Аракет кылып көрөм” эмес, “менин колумдан келет” деп айтыңыз!
“Мен буга татыктуу эмесмин” дебей, “мен эң жакшысына татыктуумун” деп айтыңыз!
“Жакшы” эмес, “менде баары эң мыкты” деп айтыңыз!
Күнүңүздөр ийгиликтүү жана берекелүү өтсүн! Сиздерди сыйлайм!” деп жазган ырчы.











