Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шоумен Кадыр Жарматов жубайынын өлүмү боюнча үн катты

Шоумен Кадыр Жарматов жубайынын өлүмү боюнча үн катты

26-апрель, 12:07
1 714 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ал келинчеги менен чогуу түшкөн сүрөтүн өзүнүн Instagram баракчасына жарыялап, төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:

«Жаркылдагым, алтыным, берекем, үйүмдүн куту, Каныкейим неге бул ишке бардың экен? Төрт жөжөмдү, мени кимге таштап кеттиң? Эми сенсиз кантебиз? Бүгүн аза күтүп отуруп, үч күн сенсиз жашоо өткөрүп, аябай кыйналганымды сездиң бекен? Кыздарым «апам качан келет?» деп сурап жатышат. Эмне деп жооп берем? Кичинекейим менден башка эч кимге көнбөй түндөсү «апа» деп чочуп ойгонуп жатат, сенин мээримиңе зар болуп жатат. Эмнеге ушуларды ойлободуң? Эх, бир канатым сынды. Кайрылдым, мүдүрүлдүм, эми бутка турамбы? Сенин жоктугуңа 3 эле күн болду, биз кыйналдык! Жүрөктө күйүтүм калды.

Кышында молдого барып, жол-жобосун кылганда «жакшы болуп калдым» дедиң эле го? Эмнеге айтпадың? Ичиңде кетти армандын баары. Сени өмүр бою унутпайбыз, биз үчүн сен тирүүсүң. Жөжөлөрүмдү жакшы чоңойтконго аракет кылам, апасы! Аллах өмүр берсе, күч-кубат берсе адам кылып чоңойтом, берекем! Аллахтан жалбарып сурайм, бейиштен көрүшөлү. Акыретте бир болсок экен деп күндө тиленем! Бизди күтүп жакшы жат, менин түбөлүктүү сүйүүм!

Жүрөгүм ооруп, жашоомдо караңгы күндөрүмдү өткөрүп жатам эл, журт! Мындай сыноону Аллах эч кимге бербесин! Билип-билбей менин үй-бүлөмө туура эмес карагандар, туура эмес билдирүү жазгандар, Аллахтан корккула! Биз акыркы жылдары өтө бактылуу жашадык! Урушпадык, кызганышпадык, эч кандай ойнош эмес, аялым өз оорусунун айынан бул дүйнө менен кош айтышты. Бул бир дарт экен! Аны башынан өткөндөр гана түшүнөт.

Эч кимге эч нерсе айтпай кете бердиңби? Дагы да көп убакыт ажырата албаганыма өкүнөм. Муну билгенде жаныңдан жарым карыш жылбайт элем, ач калсак да көчөгө чыкпайт элем.

Эркектер, аялыңарды сыйлагыла! Сыйлагыла! Дагы да сыйлагыла! Аялсыз жашоо – жашоо эмес экен! Кош, менин балдарымдын апасы! Сенсиз кандай жашоо күтөт билбейм! Кайгымды тең бөлүшкөндөргө ыраазычылыгымды билдирем!» деп жазган Жарматов.

Эске салсак, Кадыр Жарматовдун жубайы 23-апрелде каза болгону маалым болгон.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер