Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чочмон (Жолдош) АЛИЕВ: “Келиндердин колун кармап койсом эле... ары жагы даяр”

Чочмон (Жолдош) АЛИЕВ: “Келиндердин колун кармап койсом эле... ары жагы даяр”

23-октябрь, 12:40
1 007 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сексенден ашкан Чочмон аксакал менен тар чөйрөдө сүйлөшө кеттик. Тамашөкөй, ачык-айрым адам уңгулуу кеп айтып атса деле ары жагы күлкүгө айланып кетип атты. Эмне үчүн “Чочмон” деп калышканын сурадык. Быйыл байбичесинин ашын бергенден кийин аксакалга токол алып берүү жагын караштырып айтканын да кошумчалап кетти.

-- Сизди эмнеге элдин баары “Чочмон” дешет, биз сизди Жолдош ага деп билебиз?

-- Сен нарындыксың, силер жакта мени Жолдош деп эле айтышат. Калган кыргыз эли бүт Чочмон деп тааныйт. Өзүмдүн азан чакырып койгон атым Жолдошмаамет чоң атам “Чочмон” деп эркелетип жүрүп Чочмон болуп калгам. Ал киши 114 жашында бу дүйнө менен коштошкон. Анда мен 5 жаштагы боз бала элем. Эки баласы болгон, Аалы, Жумалы деген. Аалы менин атам. Чарба китепке жазганда Жолдош деген атым жазылбай Чочмон деп кала берген. 

-- Кийин атыңызды которткон жоксузбу?

-- 1970-жылы Фрунзеге келип, айыл чарба иниститутунун зоотехника факультетине сырттан окуу жагына тапшырдым. Биринчи курста экзамен тапшырмак болуп калдым. Анда КПССтин тарыхы деген сабак болор эле. Кыдыкбек Сулайманов тарых илиминин доктору, профессор кабыл алып атты. Кирип билет алдым. Билеттин 1-суроосу: Улуу Октябрь революциясынын жеңишинин себептери. 2-суроосу: революцияны жеңип чыккандан кийин оор өнөр жай абалы, өлкөнү индустриализациялоо. 3-суроосу: бүткүл дүйнөлүк жумушчу партиянын конгресси (1969-жыл), атом энергетикасына уруксат бербөө. “Ким даяр?” дегенде эле жулкунуп чыгып бардым. “Фамилияң ким, атың?” деди. “Фамилиям Алиев, атым Чочмон” дедим. “Чочмон... Чочмон, Чочмон...” деп эле окуп отуруп албадыбы. “Суроолорго жооп берейинби?” десем, “Токточу балам, Чочмон эмнени түшүндүрөт, мындай атты укпаптырмын” деди, “Агай, өзүм да түшүнбөйм. Менин чоң атам 114 жашка келип каза болгон. Ошол кишинин эркелеткен аты экен” десем эле, зачеткамды алып туруп эле “шарт” эле “4” деген бааны бакыйта коюп, “бар балам, мен да эркелеттим. Башка сабактарыңа даярдан” деп сурабай туруп чыгарып ийди. Так ушул экзаменге кирер алдында документимди котороюн деп арыз берип койгон элем. Ушул жагдайдан кийин атымды которбой калдым. Ал эми жанагы мени менен кирген 4-5 бала экзаменден кулашты. Бирөөсү “башкалардын жадагалса аты да баа алып берет атаңгөрү” деп атпайбы. “Аны мага эмнеге айтып атасыңар. Ата-энеңерге айтып, баа алып бере турган ат койгула дебейт белеңер?” дедим. 

-- Быйыл байбичеңиздин ашын бергенден кийин токол аласызбы?

-- Ал жагын ойлонуштурабыз. Менде уул жок, жалгыз кыз. Байбичемди 15 жашында эле алып келип алгам. Элүү жылдан ашык бирге жашадык. Жалгыз кыздан кийин төрөбөй койду. Бир кезде оозуна сала берген окшойт, “чубуртуп бала төрөбөй, бир эле бала төрөйм” деп коюптур. Былтыр ажыга барганда бир келин менен сүйлөшүп койгон жайым бар. Күйөөсү жок экен. Эгер балдар кыстап калса, ошол келинди табам да. 

-- Бел күчүңүз жакшы эле да?..

-- Кудайга шүгүр. Келиндердин колун кармап койсом эле... ары жагы даяр. Мендей куракта балалуу болгон үчүн “Токсонбай” деп ат койгондор ошондонбу деп кетем...


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ    

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер