Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айзуура Иманалиева: “Мен кантип баламды чыныгы мырза кылып чоңойтом?”

Айзуура Иманалиева: “Мен кантип баламды чыныгы мырза кылып чоңойтом?”

18-апрель, 01:25
4 065 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алып баруучу, блогер Айзуура Иманалиева коомдогу болуп жатканы окуялардан улам балага кандайча туура тарбия берүү керектигин ойлонуп жатканын социалдык баракчасына жазды.

“Коомдогу болуп жаткан окуялар мени абдан ойлонтуп жатат. Мен кантип баламды чыныгы мырза кылып чоңойтом? Мына ушул суроону өзүмө күн сайын берүүдөмүн. Мен укмуш кесип аркалаган аял болбой деле койдум. Бирок, эң мыкты эне болгум келет! Ушунун үстүнөн иштеп жатам. Раматылык энем: “Балага Кудайды таанытып, жүрөгүнө ыйман салуу менен башташ керек” деп, кичинекей кезибизден адепти үйрөттү... Анын айткандарын, көргөндөрүмдү балдарыма бергенге аракет кылуунун жолундамын. Эне менен бала сыйкырдуу жип менен байлангандай. Тогуз ай жүрөгүнүн алдында жатат, андан кийин ак сүтүн эмет. Анын көлөкөсүндөй ээрчип жүрүп тарбиясын алат, ал эмнени кылса, туурап кайталайт. Айланып келип эле жоопкерчилик бизде экен, аялзат. Биз улуттун жүзүбүз! Кандай дейсиздер?”-деп кайрылды күйөрмандарына Айзуура айым.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер