Жазгүл МАДИНОВА, теле алпаруучу: “Жашоонун маңызын сезүү, кызыгын көрүү ар бир адамдын өз колунда”


5-каналдын жаңылыктар бөлүмүндө редактор жана алпаруучулук кызматын аркалаган, коом көйгөйүн эл алдына чагылдырып, өз көрөмандарын тапкан таланттуу кызыбыз Жазгүл Сүйүнбаева менен маек курдук.
-- Телеканалда иштөө балалыктан берки кыялыңбы? Кандайча иштеп калдың?
-- Ооба, бул бала кезимден берки кыялым эле. 8-класста окуп жүргөн кезимде Жумгал районунун Түгөл-Сай айылындагы Сейдалы Медетов орто мектебинде тарых мугалими Качкын агай жана физика мугалими Дарика эжейим түрткү болду. Кийин “Тамашоуга” катышып, облуска чейин барып алдыңкы орундарды багындырдык. Бул жеңиштер мени эл алдында кызмат кылууга, ал үчүн журналисттик кесипти тандоого түрттү. Мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшырар алдында “журналистика факультетине тапшырам” десем, ата-энемде алгач кооптонуу болуп, башка кесипти тандоомду сунушташты. Бирок ички сезимим, каалоом андан баш тарта алган жок. Ошентип, алардын макулдугун алып, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин (мурдагы БГУ) “Журналистика жана маалыматтык тутумдар” факультетине тапшырдым. Алгач КТРКнын “Жаштар” студиясында, кийин СТВ, андан соң “NewTV” каналында кабарчы, алпаруучу болуп иштедим. Учурда мен сыйлаган, урматтаган журналист агай-эжейлерим менен 5-каналда колумдан келишинче эмгектенип жатам. Буюрса бул тармакта дагы ийгиликтерди жаратуу планда бар.
-- Сен үчүн бүгүнкү күндө, заманда жашоонун маңызы, кызыгы эмнеде?
-- Жашоонун маңызы ар бир таңды көрүп, жаныңда ата-энең, бир туугандарың, жакындарыңдын жүргөнү. Анан, албетте, мамлекетибизде тынчтык болуп турса эле, калган жашооң улана берет. Тилекке каршы, учурда айрым жаштар жашоонун маңызы, кызыгы сөзсүз клубга барып эс алуу же ичимдик менен өзүн алаксытуу деп ойлошот. Бирок, бул туура эмес. Жашоонун маңызын сезүү, кызыгын көрүү ар бир адамдын өз колунда.
-- Сен үчүн кандай адамдардан маек алуу кызыктуу? Кандай темалар кызыктырат?
-- Мен “тигил адам жагат, бул адам жагат, андан эмес мындан маек алмакмын” деп бөлбөйм. Маек алып жаткан ар бир адам мен үчүн кызыктуу, табышмактуу. Алардын ар бири өзгөчө. Биздики жыңылыктар кызматы болгон үчүн күнүгө болуп турган актуалдуу темаларды алып чыгып, коомчулукка ыкчам жеткирип туруу милдет. Социалдыкпы, саясыйбы, экономикалык болобу, тема тандабайм. Мисалы, бизде “Учурда” деген программа бар. Күнүнө эки ирет түз эфирде ар тараптуу коноктор менен актуалдуу темаларды талкуулап турабыз.
-- Кандай көйгөйлөр жүрөгүңдү оорутат?
-- Жүрөгүмдү оорутканы: мамлекетибиз коррупцияга белчесинен батканы. Экономикабыздын алдыга жыла албай аксап турганы өкүндүрөт. Мамлекеттик органдарда коррупциялык схеманын ушунчалык чырмалышып кеткени бизди артка тартууда. Бирок, “буга тигил же бул күнөөлүү” деп сөөмөй кезегенден көрө, андан арылууга ар бирибиз аракет кылалы, салым кошолу. Мындай нерсени бир адамга түртүп салуу болбойт. Аны чечүүгө жалпы коомчулук жапатырмак көмөк көрсөтүүсү кажет.
-- Кандай мырзалар жагат? Жеке жашооңдогу пландарың кандай?
-- Журналистика тармагында, өзгөчө жаңылыктар бөлүмүндө иштегендер үчүн жеке жашоо көпчүлүк учурда унутулуп калат экен. Бирок, экөөнү тең эриш-аркак алып кетүүнү ойлонуп жатам. Ал үчүн мени түшүнгөн, мени менен кошо кесибимди да сыйлаган мырза керек. Негизинен билимдүү, сөзүнө бекем, туруктуу, эрктүү жана чечкиндүү мырзалар жагат. Албетте, эч кимибиз идеалдуу эмеспиз. Менимче, менин көңүлүмө жаккан, мени сыйлаган бир адам маңдайымда турса керек.











