Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Миллиондогон бюджеттик каражаттар кайда кетти?
Миллиондогон бюджеттик каражаттар кайда кетти?
19-декабрь, 17:02


Бир нече министрлик менен мекемелер миллиондогон бюджеттик каражатты туура эмес сарптаган. Муну эсеп палатасы аныктаган. 2018-жылы мамлекеттик каражаттарды ойкелди пайдаланган мекемелердин сап башында транспорт жана жолдор министрлиги турат. Бул тармакта 109 млн. сом ашыкча сарпталган.
Мындай көрүнүш билим берүү тармагында да аныкталган. Агартуучулар 50 млн. сомду негизсиз иштетиптир. Аталган министрликтердин өкүлдөрү болсо каражат эсептөөдө каталар кеткенин белгилеп, кайра калыбына келтирерин билдиришүүдө. Бюджет тартыш болуп жатканда миллиондогон каражаттарды туура эмес пайдаланган мекемелердин жетекчилиги жоопкерчиликке тартылабы?
"Азия Ньюс" гезити











