“Эркек да ушунча эки жүздүү болот экен” деп таңгалдым, жүрөк муздады...
Турмушка чыкканыма 7 жыл болду. Эки балабыз бар. Ушул убакка чейин күйөөм мага “сүйөм” деп күндө айтат. Мен ишенчүмүн. Бирок ичип алып, жинди болуп кол көтөрүп, жаман сөздөр менен сөгүп да коёт. Эртеси соолукканда тизелеп кечирим сурайт. Анан бир окуядан кийин сүйүүсүнө ишенбей калгам. Мурунку сүйгөнүн интернеттен таап, сүйлөшүп жүрүптүр. Ушул күнгө чейин аны сүйөрүн, андан башка бул дүйнөдө эч ким жок экенин, көздөрүн, таттуу эриндерин сагынганын окуп жүрдүм. Ошол эле маалда үйгө келип алып, “сени ушунча катуу сүйөм жаным, сен жок жашоомду элестете албайм. Башка бирөө болсо эчак эле жашабай калмак болушубуз керек. Сен менин чексиз бактымсың” деп менин көзүмө карап туруп сүйлөп жатканда, “эркек да ушунча эки жүздүү болот экен” деп таңгалдым.
Бирок, мендеги сезимдер муздаган. “Балдарымдын атасы” деп эле чогуу жашап жүрөм, менде баягыдай тунук сезим, сүйүү, ишенич эбак өчүп калган. Бир жакшы жери, кызганып, ыйлап, эч кимге бергиң келбеген сезимдер өчүп, аны мурдагыдай кайтарбай калат экенсиң. Кетип калса андан жакшы, ал жок деле сонун жашай берем. Жүрөгүң бир муздаса, ал түбөлүк экен.
Нурай