Акыркы кабарлар
» Кылмыш » 86 жаштагы карыя бийик кабаттан кулап, каза болду
86 жаштагы карыя бийик кабаттан кулап, каза болду
16-декабрь, 09:07


Кечээ, 15-декабрда Кара-Балта шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн 4-кабатынан 86 жаштагы адам кулап түшүп, каза болду.
Кырсык саат 14:00 чамасында болгон. Анын денеси үйдүн алдындагы терезенин түбүнөн табылды. Тез жардам чакырып, келген дарыгерлер анын каза болгонун тастыкташкандан кийин аны милиция кызматкерлери алып кетишти. Ал 1933-жылы туулган А.Ж. экендиги такталды. Маркумдун угуусу боюнча майып болгон жана батирде 18 жаштагы небереси менен жашачу.
Карыянын бийик кабаттан эмнеге кулагандыгы азырынча белгисиз.
Aryba.kg











