Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Баңгизат менен башкача күрөшүү керек”


-- Дастан Далабаевич, сиз учурунда эркин оюн зонасын түзүп, анын аймагында жеңил баңгизаттарды сатууга уруксат берүү боюнча сунуш айттыңыз эле. Азыр деле ошол позициядасызбы?
-- Дароо эле тактап коёюн, мен сатууга уруксат берүүнү эмес, колдонгондугу үчүн жоопкерчиликти алууну сунуштагам. Бул башка маселе. Азыр арак сатылып жатат, бирок арак ичкен үчүн жоопкерчилик жок да. А эмне үчүн баңгизат колдонсо дароо жоопкерчиликке тартууга аракет кылышат? Мен ошол эле пикирдемин. Биз өнүгөбүз десек, ошону кылышыбыз керек. Себеби, бир топ жаштар каражатты жөн эле, пара катары милицияга берип жатышат. Колдонгону боюнча берене жок, ал алынган. Бирок, сактагандыгы үчүн берене бар.
-- Жеңил баңгазаттарга жоопкерчилик алынса, жаштар оор баңгизаттарга өтө баштабайбы?
-- Андай болсо бизде жаштардын баары эчак эле наркоман болуп кетпейт беле. Мисалы, Грузияда тыюу салуу алынган. Бирок, алар баңги болбой, жакшына эле жүрүшпөйбү. Португалия сыяктуу бир топ Европа мамлекеттеринде деле ошондой. Баңгизат менен башкача күрөшүү керек. Мектептен баштап эле балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.
-- Сиздин спирт ичимдиктери баңгизатка караганда да көбүрөөк зыян келтирет деген жүйөңүзгө каяша кылып, кээ бир эксперттер “Бекешовдо аны далилдей турган кандайдыр маалыматтар, социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыктары бар бекен?” деген суроону коюшту. Буга кандай дейсиз?
-- Мен аларга мындай сунуш айтат элем: келгиле, отуруп, адегенде бир бөтөлкө арак ичели. Анан мен чекпейм чынында, бирок жеңил баңгизатты чегип көрөлү. Ошондон кийин реакциябызды байкайлы. Бул жерде маалыматтардын кереги жок, илимпоз болуунун да зарылдыгы жок. Ичимдик ичкендер өзгөчө агрессивдүү болушат. Муну баары эле билишет. Чындыгында, арак деле баңгизат. Ал деле наркотик болуп атпайбы...










