Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйүн Өмүрзаков, ЖК депутаты: “Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жалпы коомчулуктун да жардамы маанилүү”

Сүйүн Өмүрзаков, ЖК депутаты: “Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жалпы коомчулуктун да жардамы маанилүү”

11-декабрь, 22:11
1 890 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сүйүн Абдылдаевич, ИИМ Кылмыш кодексине кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Ал сунуштар сиздердин комитетте каралдыбы? Эгер каралса, өзгөртүүлөр боюнча көз карашыңыз кандай?

-- Уюшулган кылмыш тобу менен күрөшүүнү күчөтүүгө багытталган иш-чараларды, мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн саясатты, бул багыттагы мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү мен толугу менен колдойм. Сиз айткан мыйзам долбоорлору боюнча азыркы учурда коомдук талкуу процесси жүрүүдө. Талкуунун жыйынтыгы менен дагы толуктоолор киргизилип, айрым ченемдер жеткиликтүү иштелип чыгып, дагы өзгөрүлүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, азыр бул мыйзамдарга кандайдыр бир комментарий берүү эртерээк. Себеби, мыйзам долбоору иштелип чыккандан кийин коомдук талкуудан өтүп, анын жыйынтыгы менен дыкат каралып, мамлекеттик органдар менен макулдашуу процедурасы өткөн соң, министрлер кабинети тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.

-- Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш натыйжалуу болушу үчүн дагы кандай чаралар зарыл деп ойлойсуз?

-- Уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү натыйжалуу болуш үчүн жалпы коомчулук да жардам берип, башка мамлекеттик органдар дагы жигердүү иш алып барышы керек. Бир гана мыйзамды күчөтүү менен укук коргоо органдары тарабынан көрүлгөн чаралар жетишсиз. Уюшулган кылмыштуу топтун лидерлери, мүчөлөрү эл арасында, коомдо жашашат, алар жөнүндө маалыматты эл жакшы билет. Андан башка уюшулган кылмыштуу топко карата административдик рычагды жана Укук бузуулар жөнүндө кодексти да күчөтүү зарыл деп эсептейм. Тагыраак айтсам, мамлекеттик кызматка алуудан мурда терең изилдениш керек, ошондой эле майда хулигандык, уруп-сабоо, автохулигандык, ок атуучу куралдар менен байланышкан укук бузуулар болгондо, жоопкерчилик күчөтүлгөн жазада болушу керек. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер