Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ош шаарын Гондураска айлантабы? Исаков чабал жетекчи катары бааланууда

Ош шаарын Гондураска айлантабы? Исаков чабал жетекчи катары бааланууда

22-сентябрь, 17:50
570 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Өткөн жумада Ош шаарында жаш балдардын жапырт мушташы чыгып, көчөдө былчылдашып жатышты. Кыйкырык, ызы-чуу. Эмне деген шумдук? Соцтармактарда талкуу жаралды. Милиция коомдук-коопсуздук абалды көзөмөлдөш керек да. Тилекке каршы, алар кайда жүрүшөт?

     Ал эми 22-сентябрга караган түнү IDEA эмерек дүкөнүнүн жанынан дагы топ балдар чырдашып, тепкилешип жаткан видео тарады. Бул дагы Ош шаарында болуп атат. Укук коргоо органдары иштебей калышканбы?

     Кызык. Таңгалычтуу бекен? Кептин маңызы биякта тура. Убагында Чүй ОИИБде иштей албай кеткен Дамирбек Исаков Ош ШИИБге начальник болуп барганы кедеринен кетти го? Ошондон бери көптөгөн шалаакылыктарга жол бергенин кантебиз? Бир топ кызматкерлери коррупцияга шектелишкеничи? Начальник өзү канча ирет сөгүш алды? Калыстык кайда? Айтор, суроолор көп, бирок жообу жок...

     Себеби... Бу эргул абаларга таянып алып, жердешчиликтин пайдасын көрүп, Ош ШИИБде татыксыз болсо да тырмышып отурабы? Дамирбек Исаковдун чабалдыгын баары эле билишет. Бирок ушундайлар өсүп, профессионалдар көмүскөдө калышууда. “Кол ийрисине тарткан” тууганчылыкты токтотпосо, кадр саясаты начарлап кетпейби? ИИМдеги башка тың жетекчилердин жолдорун ачыш керек да...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер