У.Аалиев акталды, эми Э.Аширходжаев жоопкерчиликке тартылабы?

Октябрь РИИБнин мурдагы начальниги Уланбек Аалиев Жогорку соттон акталганы кабарланды. Ага карата Асыл Талипованы (алдамчылыкка айыпталган аялды) арыз жаздырып, ошонун негизинде ИИМдин орун басары Эркебек Аширходжаев менен Азамат Жумабаев каматып салганбы? Бул таризде ЖМКларга чыкканы эсибизде. Кыргызстанда кызык эле окуялар, акылга сыйбаган иштер орун алат эмеспи. Асыл Талипова көптөгөн адамдарды шорлотуп, ири суммада алдап кетсе, аны Октябрь РИИБ начальниги Уланбек Аалиев камап атса, кайра ИИМдин береги үлкөндөрү начальниктин өзүн жаптырып салганы кандай? Бул жерде акча кызыкчылык, жеке басарлык роль ойногонбу? Айтор, арасат ойдо каласың. Натыйжада, Уланбек Аалиев кайра жумушуна келсе, ИИМ тарабынан айлыктары төлөнүп берилсе, ал эми Эркебек Аширходжаев менен Азамат Жумабаевге кандай баа берилет? Мыйзамга ылайык жооп беришеби, же уруп да ойношпойбу?..
"Азия Ньюс" гезити