Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөнбек Абдыров: “Россия менен Сауд Арабия келишпестигинен валюта туруксуздугу орун алууда”

Төлөнбек Абдыров: “Россия менен Сауд Арабия келишпестигинен валюта туруксуздугу орун алууда”

13-март, 11:05
428 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономика боюнча эксперт менен маек...

-- Төлөнбек мырза, мунайзаттагы баа туруксуздугу эмнеден улам келип чыгууда?

-- Мунайзаттын арзандашынын себеби, Россия менен Сауд Арабиясынын ортосундагы келишимден чыгып жатат. Бир келишимге келе албай койгондон улам, орус рублинин куну түшүп, ушундай көйгөйлөр орун алууда. Эң негизгиси, Сауд Арабиясы Россияга басымдык кылып, “мунайзатты жерден алып чыкканды кичине токтотуп туралы” деген сунуштарын берип жатышат. Анткени Сауд Арабия Американын сланцтык мунайзатын рынокко жолотпош керек болууда. Россия болсо “кандай көлөм болсо ошону алып чыгара берем, мага керек” деп жатат. Эки өлкө ушул маселеден улам келишимге келе албай, Россияда биржалар бар болгондуктан, рублдин куну түшүп кетти. Бирок, куну түшкөнү менен акырындап калыбына келет, же ушул бойдон калат. Өтө төмөндөп кетпейт.

-- Бизге кандай терс таасири бар?

-- Биздин Россияда иштеп жүргөн миндеген мигранттарыбыз үчүн көйгөй болот. Акчанын куну түшкөнү – жиберген акчалары да азая түшөт. Бирок менин оюмча, бул көпкө созулбайт. Акырындык менен ымалага келишет. 18-мартта Россия менен Сауд Арабия башчылары жолугушат. Кайра  бир келишимге келишип, баары турукташып калат деген пикирдемин. 

-- Күйүүчү май биздин өлкөдө арзандашы мүмкүнбү?

-- Бизде күйүүчү майлар Россиядан дагы баасы төмөнүрөөк. “Газпром” ар кандай жеңил жолдорду таап, ташып келип жатат. Мындан дагы арзан болушу мүмкүн эмес.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер