Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оштогу мыйзамсыз курулуштарга кимдер ээлик кылышат?

Оштогу мыйзамсыз курулуштарга кимдер ээлик кылышат?

23-август, 19:30
852 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин редакция Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун мыйзамсыз баштаган төрт компания тууралуу чакан иликтөө материал даярдады. Алардын айрымдары мурдагы аткаминерлер экен.


«Астра плюс» курулуш компаниясы

Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, «Астра плюс» курулуш компаниясы Ош шаарынын Тилеке Баатыр көчөсүнүн №2 дарегинде жана А.Навои көчөсүнүн №10 дарегинде мыйзамга каршы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунан сөз кылалы.

А.Навои көчөсүнүн №10 дарегинде 16 кабаттуу үйдү өзүм билемдик менен куруп бүтүргөн. Аталган компанияга бир канча жолу тийешелүү кызматтар курулушту токтотуу боюнча эскертүү бергени менен аткарган эмес. Мэрия 2021-жылдын 5-ноябрында курулушту токтотуу жана мажбур иретинде өз эсебинен буздуруп, баштапкы абалына келтирүү жөнүндө Ош шаардык сотуна доо арызды өткөрүп берген. Бирок аталган доо арызды сот кароосуз калтырып, мэрия кайрадан сотко бергени камданып жатат.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Астра плюс» жоопкерчилиги чектелген коомунун ээси катары Эсенкулов Манас Бактыбекович аттуу жаран көрсөтүлгөн. Эсенкулов 2021-жылы “Ыйман Нуру” саясый партиясынан Ош шаардык кеңишинин депутаттыгына талапкер болгон.

Ошондой эле «Астра плюс» курулуш компаниясынын директору катары Эсенкулов Бектур Абдимиталипович аттуу жаран көрсөтүлгөн.

Биздин редакция аталган эки курулуш боюнча «Астра плюс» курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен байланышууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок.

Алманбет Салиев менен байланышы

«Астра плюс» курулуш компаниясы Сооронбай Жээнбековдун убагында президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштеген Алманбет Салиевге таандык экени айтылып келет.

УКМК Салиевди 2021-жылы 16-июнда мыйзамсыз баюуга шектеп кармаган. Анда Салиев мүлктөрүн тастыкталган киреше булагы жок туугандарына жана аффилирленген адамдарга каттап, кыймылсыз мүлктөрү 900 миң долларга (70 млн. сомго) бааланган.

Атайын кызматтын маалыматында «Астра плюс» ЖЧКсы Ош шаарында көп кабаттуу үй куруп жатканда Салиев инисинин жубайы М.Г. аркылуу Навои көчөсүндөгү «Датка» турак жай комплексинин курулушуна катышуу жөнүндө келишим түзгөн. Тактап айтканда, 50 млн. 247 миң сомго бааланган офистер үчүн ыңгайлашкан 844,5 чарчы метр аянтты сатып алган. Мындан сырткары, буга чейин «Астра плюс» курулуш компаниясында иштеген Заравшан Салиев менен Алманбет Салиев жакын тууган болуп эсептелет. Ошондой эле аталган компаниянын буга чейинки ээлеринин бири Асылбек Аскербек уулу, азыркы ээси Манас Эсенкулов жана Алманбет Салиев бир айылдан болот.


«Астра плюс» курулуш компаниясынын ээси Эсенкуловдордун бизнестери

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Эсенкулов Манас курулуш менен алектенген «Астра плюс», «Юни Траст» ЖЧКсына, акиташ жана гипс казып алуу менен алектенген «Кыргызэкспорт Групп» ЖЧКсына, билет сатуу, билеттерди брондоо, багажды сактоо менен алектенген «ИНАЛ-ОРХАН» ЖЧКсына ээлик кылат.

Ал эми Эсенкулов Бектур Абдимиталипович курулуш менен алектенген «Комфорт плюс К» жоопкерчилиги чектелген коомуна ээлик кылат.


«ПИК СТИЛЬ СТРОЙ Холдинг» жана «Долина Строй» курулуш компаниялары

«ПИК СТИЛЬ СТРОЙ Холдинг» курулуш компаниясы Ош шаарынын Ленин №349 дарегиндеги өзүм билемдик менен көп кабаттуу үйдүн курулушун бүтүргөн. Курулушту токтотуу үчүн 2019-жылы соттук териштирүү башталганы менен дале аягына чыга элек.

Экинчи «Долина Строй» курулуш компаниясы Ош шаарынын Ленинабад көчөсүнүн №8 дарегиндеге көп кабаттуу үйдүн курулушун негизсиз эле баштаган.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, «ПИК СТИЛЬ СТРОЙ Холдинг» курулуш компаниясына Абдуллаев Руслан Махамаджанович жана Бердибаев Заирбек Сапарбаевич аттуу эки жаран ээлик кылат. Ал эми «Долина Строй» курулуш компаниясына кайра эле Абдуллаев Руслан Махамаджанович ээлик кылары көрсөтүлгөн.

Руслан Абдуллаев буга чейин Ош облусунун Төлөйкөн айыл аймагында мурдагы айыл өкмөт башчы “Бойко” деген каймана ат менен таанымал Алмаз Абдукаримов менен мыйзамсыз жер сатуу боюнча бир канча чырларга аралашканы менен белгилүү.

“Бойко” каймана аты менен таанымал Алмаз Абдукаримов

Ачык булактарда Руслан Абдуллаев менен Алмаз Абдукаримовдун бир канча байланыштарын көрүүгө болот. Мисалы,«Раянстрой» курулуш компаниясынын ээси Алмаз Абдукаримов болсо, анын директору Руслан Абдуллаев.

Биздин редакция аталган курулуштар боюнча жогорудагы Руслан Абдуллаев менен Алмаз Абдукаримов менен байланышууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок.


«Евростиль» курулуш компаниясы

Мэриянын маалыматына ылайык, «Евростиль» курулуш компаниясы Масалиев көчөсүнүн №64 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн курулушун мыйзамсыз баштаган. «Евростиль» курулуш компаниясы боюнча соттук териштирүү 2018-жылдын сентябрь айынан башталып, 2020-жылы Жогорку сот көп кабаттуу үйдү сүрдүрүү боюнча чечим чыгарган. Учурда «Жогорку соттун чечимин Ош шаардык соту жокко чыгарып, жаңы жагдайлар боюнча кайра карап жатат.

Компаниянын директору Нурсултан Исматиллаев учурда курулуш иштери токтоп турганын билдирип, сот иштери аягына чыккандан кийин иш уланарын билдирди.

«Курулуш иштери боюнча айта кетсем, учурда териштируу иштери жүрүп жатат. Соттук териштирүү иштери буткөн соң, буюрса баардык уруксат кагаздарын алып, курулуш иштерин улантабыз» деди Исматиллаев.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Евростиль» курулуш компаниясынын ээси катары Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу жаран көрсөтүлгөн. Ал милициянын мурдагы кызматкери, эрежесиз мушташ боюнча спорттун чебери. Аталган компания Рахманберди уулуна ушул жылдын апрель айында өткөн.


Бийликтин жообу

Ош регионалдык курулуш жана архитектура башкармалыгынын басма сөз катчысы Мирлан Өмүралиевдин айтымына караганда, «Евростиль» компаниясы «Курманжан көчөсүнүн №64 дарегинде архитектуралык шаар куруу кеңешинин талаптарын аткарбастан, курулушка тийешелүү болгон эч кандай уруксат иш кагаздарын албастан, мыйзамсыз курулуш иштерин баштаган. Соттун чечими менен курулуш иштери токтотулган.

«Астра-плюс» компаниясынын А.Навои көчөсүндөгү №10 дарегиндеги курулушу өзүм билемдик менен башталгандыктан, курулушту долбоорлоого уруксат берүүдөн баш тартылган. Сот тийешелүү кызматтарга көп кабаттуу үйдү долбоорлоого архитектуралык уруксат иш кагаздарын даярдап берүүнү милдеттендирген. Учурда архитектуранын кароосунда турат. Экинчи «ПИК СТИЛЬ СТРОЙ Холдинг» Ленин көчөсүндөгү №349 дарегинде өзүм билемдик менен курулуш баштагандыктан, тийешелүү кызматтарга чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилген. «Долина Строй» компаниясынын иши архитектуралык-шаар куруу кеңешинде каралып, 12 (он эки) пункттан турган талаптарды аткаруу менен макулдук берүү чечими кабыл алынып, бирок тилекке каршы, коюлган талаптарды бүгүнкү күнгө чейин аткара элек» деди Өмүралиев.

Ал эми Ош шаарынын архитектура, курулуш көзөмөл башкармалыгынынын улук инспектору Илхам Курбанов жогоруда аталган төрт компаниянын тең иштери сотто каралып жатканын билдирди.


Оshtv.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер