Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Былтыр өлкөдө 5 миң кишиден рак аныкталды. Жарымы 60 жаштан өткөндөр

Былтыр өлкөдө 5 миң кишиден рак аныкталды. Жарымы 60 жаштан өткөндөр

07-декабрь, 11:53
1 175 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Былтыр Кыргызстанда 5 миңден ашуун кишиге рак диагнозу коюлган. Алардын 90 пайызга жакыны 40 жаштан өткөн адамдар. Бул тууралуу улуттук статистика комитети кабарлады. Залалдуу шишикке кабылгандардын 54 пайызы аялдар болсо, калган 46 пайызы эркектер.

"Аялдар арасында өткөн жылы ракка кабылгандардын 47,4 пайызы 60 жаштан жогоркулар болсо, 40,2 пайызы 40 жаштан өткөндөр. 10 пайызы 20-39 жаштын ортосундагылар. Эркектер арасында бул көрсөткүч боюнча бир аз айырма бар. Мисалы, 57,4 пайызы пенсия курагына жакындап калгандар, 32 пайызы 40-59 жаштагылар. Ал эми 6,5 пайызы 20-39 жаштагы жигиттер" деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, статистика комитети соңку беш жыл ичинде аялдар арасында ракка кабылгандардын саны көп экенин кошумчалады.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер