“Эду” камакта нааразыбы? УКМКнын айрым лөктөрү эркиндикте жыргап жүрүшөт


Ушундай. УКМКнын мурдагы начальниги Эльдар Жакыпбеков айрым шериктери менен камакта отурушат. Ал тергөө менен кызматташпай, өзүнүн позициясында бекем туруп атабы? Эгерде бийлик тарапка оосо, эмгиче эркиндикке чыгып кетмек беле? Сыягы, “Эду” эркекчилигин көрсөтүп, түрмөдөн сынбай, унчукпай күрөшүп атса, аягы кандайча жыйынтыкталат? Ооба, кабыргасынан суроолор коюлууда, коомчулуктун кызыгуусу күч.
“Медалдын экинчи бети бар” дегендей, убагында “Эдудан” аша чаап жүргөн коллегалары, айрым көрүнүктүү “кашкулактай-начальниктер” жансакчылардын коштоосунда жолтандабастар менен чартаңбай тээп жүрүшсө, аларга карата мыйзам качан иштейт? Негизи УКМКнын кээ бир лөктөрү түрмөгө түшкөн жок, таасирдүү адамдардын калкалоосуна алынгандай го? Үй камагында жатышкандары да бар. Аларга караганда “Эду” баатырлыгын көрсөтүп, калыстык болбой атканына нааразыланып, түрмөдө чыдап отурабы? Мезгил баа берсин...











