Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Кадамжайда түн ичинде ата-баланы өлтүрүп кетишти
Кадамжайда түн ичинде ата-баланы өлтүрүп кетишти
19-октябрь, 12:12

Окуянын чоо-жайы Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Көк-Талаа айылында белгисиз жарандар 2 тургунду атып кетти. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен кабарлашты. Маалым болгондой, 18-октябрда саат 22.30 чамасында Көк-Талаа айылынын 61 жаштагы тургуну Ш.К. жана 29 жаштагы К. у.Рны белгисиз жарандар белгисиз ок атуучу курал менен атып, 59 жаштагы Ш.М.ди (аял киши) уруп, денесине жараат келтирип, изин жашырып кетишкен. Окуя Кадамжай РИИБинин маалыматтарды каттоо журналына катталган. 18-октябрда саат 22.00 чамаларында жабырлануучулар эс алып жаткан учурда, алардын үйүнө белгисиз жарандар белгисиз куралдар менен кирип, 61 жаштагы Ш.К.ны көкүрөк жана бетине атып, анын уулу 29 жаштагы К.у.Рнын башына атып, 59 жаштагы Ш.М.дин (аял кишинин) башына балта менен урган.










