Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ош ШИИБ начальниги Дамирбек Исаков оор кылмышка шектелеби?

Ош ШИИБ начальниги Дамирбек Исаков оор кылмышка шектелеби?

31-октябрь, 22:13
6 541 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында Ош шаарынан бир кабар желдей тарады. Күч органдарынын кызматкерлери арасында айтылып, талкууланып, бирок официалдуу билдирүү беришкен жок. Андыктан, биз дагы тактоо иретинде соболдорду жолдойлу.

Ош ШИИБнин кылмыш иликтөө кызматынын мүлк кылмыштарын иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана кызматкерлери 3 миллион рубль, 107 миң долларды Өзбекстандан кирген ишкерден каракташканбы? Жабырлануучу Оштун УКМКсына арыздангандан кийин айыбыңар ачылып, кайра береги каражаттын үстөгүн ири суммада кошуу менен кайтардыңарбы? Ош ШИИБ начальниги Дамирбек Исаков мырза, сиз тийешелүү жетекчилериңизди айдактап коюп, бул кыңыр иштин башында өзүңүз турдуңуз беле? Алган акчаларды орун басарыңыз Кожобек Козубаев кайра жеткизип бергенби? Эмнеге бул каңшаар боюнча иликтөө-тергөө иштери жүрбөй, кан буугандай басылып калды? Жогорку жетекчилерге туура маалымат жетпей калдыбы? Учурда Ош ШИИБнин мүлк кылмышынын бөлүмүндөгү кызматкерлер убактылуу жумуштан айдалышып, нааразы болуп жүрүшөбү? “Чабактары” садага чабылып, “киттери” сакталып калган кербезиби?..

“Шибегени капка ката албайсың” дейт. Кыңыр иш жасалса, ал эртеби-кечпи ачыкталат. Натыйжада, береги суроолордун учугуна жетүү маанилүү. Эгерде эле Дамирбек Исаковдун “крышалары” басып коюшпаса, баары бир оркоюп чыгабы? “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” эмеспи. Бул кеп да бекер жерден каңкууланбайт.


  "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер