Бош казына, экономикалык кризис учурунда кантип фонд түзөбүз?
Кыргызстанда бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн “Турукташтыруу” фонду түзүлдү. Бийлик бул фондго жок эле дегенде 17 миллиард сом топтоп, каржылык ар кандай кырдаалдарда колдонууну максат кылып жатат. Экономисттер казынанын жыртык-тешиги бүтөлбөй жаткан шартта бийлик резервге акча чогулта аларынан күмөн санашууда.
Азамат Темиркулов, саясый илимдердин доктору:
-- Биринчиден, “Турукташтыруу” фондун толтуруу зарыл. Ошол бош каражаттар бюджетке керек эмес ашыкча каражат болсо, ошол каражатты “Турукташтыруу” фондуна топтоп, анан кандайдыр бир учурларда кереги тийсе иштетсе болот. Мисалы, Россияда, Казакстанда ошондой “Турукташтыруу” фонддору бар. Бирок бизде азыркы экономикалык кризис абалында, бюджетибиз толук эмес болуп жатканда, кантип бул фондду толуктап, каражат топтой алабыз? Бул чоң суроо.
Эгер чын эле ошондой каражаттар бар болсо, анда ошондой “Турукташтыруу” фонду келечекке кепилдик болуп берсе, эң сонун болмок. Бирок кайра эле суроо: фондго каражатты кайдан алабыз? Кайдан толтурабыз? Маселе ушунда жатат.
Нургүл Акимова, экономика боюнча эксперт:
-- Эгер акча үнөмдөлүп чогулуп, ал фонд ачылса, мамлекеттик максаттык программаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк пайда болмок. Себеби, өзгөчө чакан жана орто ишкерлер жардамга өтө муктаж.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити