“Орто жана майда чиновниктер кармалышса, алардын жетекчилери да жоопко тартылышы керек”


-- Коррупцияга каршы күрөштө орто, майда чиновниктер кармалууда. Мындай шартта алардын жогорку жетекчиликтерине баа берилбейби? Кайдыгерлик орун алып жаткан жокпу?
Турсунбек Акун, укук коргоочу:
-- Орто жана майда чиновниктер кармалышса, алардын жетекчилери дагы жоопко тартылышы керек. Кызматтан алынып, тийешелүү юридикалык баа берилиши зарыл. Кармалган орто жана майда чиновниктер бир адамдын жеке көрсөтмөсү боюнча кармалбай, аларга иш козголуп, татыктуу тергелип, соттун чечими чыккандан кийин камакка алынуусу керек. Кыргыз Республикасында бай-манаптык метод эмес, укуктук мамлекеттин механизмдери мыйзамдуу ишке ашышы абзел.
Зайырбек Эргешов, эксперт:
-- Коррупцияга каршы күрөшүү аёосуз жүрүп жаткандыгы – бул мамлекеттик саясаттагы таза коомду куруу болуп саналат. Коррупция – бул мыйзамсыз жосун катары мамлекеттик кызматкер тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарын жеке кызыкчылыгы үчүн тескери жол менен пайда табуу максатындагы иш аракеттер болуп саналат. Мындай кылмыш боюнча жогорку, орто же майда чиновник болсун, эгер жаза басса, мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жооп берет. Ал эми жетекчилик да моралдык жактан жооп берүүсү зарыл. Анын коррупцияга каршы күрөшүүдө мамлекеттик саясатка кайдыгер гана эмес, милдеттүү түрдө жоопкерчилигин күчөтөт. Ошондуктан жетекчилик биринчи кезекте өзү таза болсо, мыйзамды так аткарса, кол астында иштегендерге үлгү жаратса, коррупция менен күрөшүүгө жардам берет. Айткан сөзү менен жасаган жумушу дал келип, жүрүм-туруму да кынтыксыз болушу керек.
"Азия Ньюс" гезити











