Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Телефондук алдамчыларды 15 жылга отургузуу керек”

Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Телефондук алдамчыларды 15 жылга отургузуу керек”

31-январь, 20:15
1 011 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дастан Далабаевич, сиз бүгүн телефондук алдамчылар боюнча аябай көйгөйлүү маселени көтөрдүңүз. Кандай дейсиз, бул көрүнүш эмне үчүн улам күч алууда?

-Биринчиден, бизде милиция жакшы иштебей жатат. Тергөөчүлөрдүн көбү өздөрү муну жакшы түшүнүшпөйт. Мисалы, дипфейк эмне экенинен кабарсыз. Алдамчылар банктардан акчаны кантип чыгарып кетишерин, анын технологиясын билишпейт экен. Ошентип, жарандарды алдашуудаАндыктан, тергөөчүлөрүбүздү жаңы технологияларга окутуп, кылмыштын алдын алуу чараларын көрүү керек. 

Анан биздин жарандарда да күнөө бар. Каражат заматта эле көбөйүп кетерине ишенишет, бирөөлөр “акчаны бул жакка которсоң, биз мынча кошуп беребиз” десе эле алардын бал тилине киришип, анан алданган соң ыйлап калышат. Көбүнчө билими жок кишилер ушундай абалга туш болушат. 

-Билимдүүлөр деле алардын торуна илинип калып жатышпайбы... 

-Мага деле бир топ мошенниктер чалышкан. Бирок, Кудай сактасын, бир да жолу илинген жокмун. 

-Балким, мыйзамдарды өзгөртүп, жазаларды катуулатуу керектир? Себеби, алдамчылардын көбү түрмөдө отурган кишилер го?

-- Туура айтасыз. Мыйзамды сөзсүз өзгөртүп, аларды керек болсо 15 жылга отургузуш керек. Бирок, маселенин дагы бир жагы бар. Камалышса убакыт кенен болуп калат. Себеби, алдамчылыктын технологиясын түрмөдөн үйрөнүшөт. Аларга телефонду ким алып келип берүүдө? Биз ошону иликтешибиз керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер