Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чак түштө адамды мууздап, өлтүрүп кетишти

Чак түштө адамды мууздап, өлтүрүп кетишти

21-декабрь, 21:00
2 465 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 21-декабрда болжол менен саат 15:30 чамасында Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушундагы борбордук көчөлөрдүн бирине жакын жерден 50-60 жаштардагы адамдын сөөгү табылган. 

Маркумдун жүрөк тушунда жана кекиртегине бычак урулган. Окуя болгон жерге милиция жана "Тез жардам" кызматы келген. Бишкек шаардык милициясы бул ишке тиешеси бар шектүүнү жана маркумдун тек-жайын аныкташты.

Маркум 57 жаштагы К.Ш. аттуу адам болгон, аны бычактап өлтүрүүгө шектүү адам издөөгө алынды. Кимдер, эмне себептен бычактап кеткени иликтөөгө алынды.

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер