Акыркы кабарлар
» Коом » Жүрөктүн капыстан токтоп калуусун эскерткен 8 белгини биле жүрүңүз!
Жүрөктүн капыстан токтоп калуусун эскерткен 8 белгини биле жүрүңүз!
18-январь, 17:10

Окумуштуулар жүрөктүн капыстан токтоп калышынын алдын ала белги берген төмөнкү жагдайларды эске ала жүрүүнү белгилешти. Бул тууралуу JAMA Cardiology маалымдады.
Финляндияда окумуштуу илимпоздор 1998-2017-жылдардын аралыгында 5869 адамдын маалыматын топтогон. Белгилүү болгондой, анын ичинен 1322 адамдын жүрөгү приступ кармаган. Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, кокусунан кармаган жүрөктүн пристубу анын биротоло токтоп калышына алып келиши толук ыктымал. Жүрөк приступ болордо организм эскерткен төмөнкү белгилерди эске алар жүрүңүз.
Алар 8 түрдүү болот экен: жүрөк айлануу, ашказан туштун оорлошуп калуусу, булчуң эттердин ооруп калышы, ашкере эле тердей берүү, баштын айлануусу, буту-колдун уюп калуусу, дайыма чарчаган абалда жүрүү, көкүрөк туштун ачышып ооруп калышы.