Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Башкесер

Башкесер

20-декабрь, 22:57
2 180 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Канзаста туулган жөнөкөй бала арадан бир топ жыл өткөндөн кийин өздөрүн “бул планетанын падышаларыбыз” деп эсептеген кишилердин бир тобунун жанын алып, тиги дүйнөгө жөнөтүүнү дегеле ойлобосо керек. 

Джон Вудс 1911-жылы Уичито шаарында туулган. Бала кезинен ал аскер кызматкери болгусу келчү. Бирок, кыял менен реалдуулук эки башка нерсе болуп чыкты. Аскер деңиз күчтөрүндө кызмат өтөө ага жакпай калып, качып кетет. Дизертирди жарым жылдан кийин кармашып, шарттуу түрдө соттошот. Көп өтпөй  Джон Сан-Антонио шаарындагы түрмөлөрдүн бирине башкесер болуп ишке орношот. Ал бул жерде иштеп турганда канча адамды күм-жам кылганы белгисиз. Себеби, анын башкесер болуп иштегенин далилдеген бир да документ сакталып калган эмес. 

Аңгыча эле экинчи дүйнөлүк согуш башталып, Джон да фронтко аттанат. Экстремалдык кырдаалдарга кабылганда америкалык жоокерлердин баары эле мыйзамды сакташчу эмес, кээ бирлери өлүм жазасына өкүм кылынчу оор кылмыштарды жасашчу. Бирок, ал кезде өкүмдү ишке ашырчу башкесердин штаты жок болгондуктан, полиция ыктыярдууларды издей баштайт. Муну уккан Вудс Техаста башкесер болуп иштегенин, киши өлтүрүү жагынан нагыз профессионал экендигин айтат. Ошентип, 1944-жылдан тарта Джон ишке киришип, бир жылдын ичинде отуздай адамдын жанын алган.  

Джон Вудстун эң “жемиштүү” иштеген мезгили Нюрнберг процессине туш келди десек болот. Нацисттик кылмышкерлердин көбү өлүм жазасына өкүм кылынып, аны ишке ашыруу Вудска тапшырылат. План боюнча германиялык элитанын арасынан эң биринчи болуп авиациянын рейхс министри, рейхсмаршал Герман Геринг тиги дүйнөгө аттанышы керек болчу. Бирок, ал “фельдмаршалдар даргага асылбайт” деп кат жазып, өкүм аткарыларга эки саат калганда уу ичип алат. Эң кызыгы, полицейскилер анын өзүн дагы, камерасын да тинтишип, эчтеке табышкан эмес. Бир версия боюнча, уу кошулган капсуланы ага аялы өбүшүп жатканда оозу менен берип, Геринг аны кечки тамактын алдында ичип алган. 

Ошентип, алгачкылардан болуп Германиянын тышкы иштер министри, Гитлердин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Иоахим фон Риббентроп асылат. Күбөлөрдүн айтымында, ал өзүн токтоо кармап, жалынып-жалбарган эмес. “Купкуу болгон өңү гана анын коркконун сездирип турду” дешет. Бирок, Вудс канчалык профессионал болбосун, Рибентроп дароо жаны чыкпай, бир топко чейин кыйналып жатып, он мүнөттө гана өлөт. Вильгельм Кейтелдин өлүмү андан да кыйын болду. Вермахттын жогорку командачылыгынын мурдагы штаб башчысы   жыйырма төрт мүнөт дегенде гана кыймылдабай калат. Бирок, кийинкилер андай болгон жок. Аларга Вудс орточо төрт-беш мүнөттөн эле сарптап атты. Себеби, Вудс курмандыктарынын салмагы оорурак болсун (!) деп алардын бутуна кум салынган мүшөктөрдү байлап койчу. Ошондуктан, жеңилген Германиянын саясый жана аскер ишмерлерин өлүм жазасына тартууга жалпы жонунан жүз үч мүнөт эле кетти. 


(Интернет булактардан) 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер