Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбек Акун, укук коргоочу: “Коррупция менен күрөшүүдө адам укугу тебеленбеши абзел”

Турсунбек Акун, укук коргоочу: “Коррупция менен күрөшүүдө адам укугу тебеленбеши абзел”

04-октябрь, 20:23
693 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- УКМК коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга койду. Коррупционерлер камалса, алардын бала-чакасы, жакындары да мамлекеттик кызматта иштей албайт экен. Бул мыйзам Кыргызстанга аба менен суудай керекпи, же тескерисинче, камакка алынган адамдардын жакындарынын укугун бузабы?

-- Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев башында турган бийлик үч жыл мурун коррупцияга каршы чечкиндүү аракеттерди баштап, бир топ ууру-кескилерди “кустуруп”, миллион-миллиарддаган каражаттарды мамлекеттин казынасына төктүрдү. Кыскасы, 7 миллиарддан ашык каражат мамлекеттин казынасына түштү. Бул абдан чоң жетишкендик.

Бирок, мен укук коргоочу катары эбактан бери эле коррупцияны токтотуу үчүн өз күнөөсүн мойнуна алып, кетирген чыгымдарды төлөп берсе да, бошотуп жиберүүгө каршы экенимди айтып келем. 10 жылга кесиле турган болсо, келтирген чыгымын төлөп бергени үчүн 4-5 жылы гана кыскарсын. Калган мөөнөтүн отурсун. Антпесек, коррупция токтобойт. Качан жоопкерчиликти сезип, кымырган каражаттарын төлөп берип, калган мөөнөтүн өтөгөндө гана уурулар “жегенимди төлөп, анан камакта да калат экенмин” деп кооптонушат. 

-- Мындай пикириңизди айтып келатасыз...

-- Ооба, бул оюмду билдирип, какшап келсем да, бирок эч ким уккан эмес. “Аларды кармап эмне кылабыз? “Кусса”, чыгарып жиберебиз” дешкен. Бирок, үч жыл өткөндөн кийин турмуш чындыгы камап, “кустурса” деле коррупция токтобосун көрсөттү.

Акыры азыркы бийлик күнөөсүн мойнуна алып, коррупционерлер “кусса” да, мөөнөтүнүн жарымын отургузуу керектигин айтышууда. Бул жол менен деле уурулук азайып кетпейт. Себеби, чараларды катаалдатмайын, жеп-ичмей жоголбойт. 

“Коррупционерлер камалса, алардын балдарын, жакындарын мамлекеттик кызматка барбай турган кылабыз” деп жатышат. Мыйзамда ата балага, бала атага жооп бербейт”, “адамдын укугу деген бар да. Атасынын коррупциялык иштерине эмнеге баласы жооп бериши керек? Бир туугандардын арасында деле бири коррупционер болсо, башкасы өз мээнети менен жан баккан адамдар да, алар кесепетин неге тартышы керек? Ошон үчүн азыркы бийлик дагы бир нерсени айтардан мурун ойлонуп, жыйынтыгы кандай болорун да эстен чыгарбашы зарыл. Ошондой эле адам укугу тебеленбеши абзел.

-Ошондо бийликтин аракетине кандай баа бересиз

-Бийликтин демилгеси, ниети жакшы, бирок ар бир ишти акыл калчап жасаш керек. Уу-дуу кылып кошоматчы журналисттер, блогерлер колдоп кетсе эле баары жайында болуп калбайт. Адам укугу, Конституция, Эл аралык келишимдер деген бар. Алар кайда калат? 

Мен президент Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевдин коррупция менен күрөшкөнүн колдойм. Коррупция – коомдун кокосуна тыгылган тикен даАлар баардык жерди менчиктештирип, кабат-кабат үйлөрдү, тойканаларды салышып, бизнес борборлорун куруп алышты. Балдары эмес чөбөрөлөрүнө жете турган байлыктарын топтоп коюшту. Миллиондогон карапайым адамдар эмгек мигрантында каржалышып, дүйнө жүзүн кыдырып кетиштиАл эми коррупционерлер мамлекеттин эсебинен жашап жатышат. Ошон үчүн алар менен күрөшүш керек. Мыйзамга бап келтирүү шарт. Ошондой эле белгилүү адамдардын тажрыйбаларын да угуу зарыл. Камаардан мурун кылмышын далилдесин“Тигинин баласы деп далили жок эле камай берсек, укуктук мамлекет болбой калабыз. Ошон үчүн жакшы демилгени акыл менен калчап, анан иш кылышса...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер