Сот системасын тазалоо, жазалоо убактысы келдиби?
-- Өткөндө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев сот системасындагы адилетсиздик, коррупция боюнча катуу айтып, бул багытта алгылыктуу аракеттер жасаларын билдирди эле. Сиздин пикириңиз кандай?
Каныбек Осмоналиев, профессор:
-- Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында азыр сот адилетсиздигине жана ууру-коррупционерлерге каршы күрөш өзүнүн апогейине жетип отурат. Эки жетекчинин кайраттуу айбаты өз жемишин бере баштады. Эгемендиктен бери мындай чечкиндүү күрөш болгон эмес. Мурдагы президенттер коррупция менен күрөшмөк турсун, керек болсо, аларга калкан болуп коргоп келишкен. Натыйжада, криминал менен бийлик бекем жуурулушуп, карапайым элдин жонунан кайыш тилип, жыргап-куунап, чардап жашап жүрүшкөн да. Канча чырактай болгон жаштарыбыз алыскы, жакынкы өлкөлөргө жумуш издеп тентип кетишти! Канча өмүрлөр кыйылды?!.. Мындай абал уланбаш керек эле. Азыр эми сот адилетсиздиги менен коррупцияга каршы ачык чабуул башталды. УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен жаңы мыйзам долбоорлору даярдалып, элдин талкуусуна коюлду. Мындан ары коррупционерлерди "кустуруп" эле тим болбостон, алардын арам жол менен тапкан байлыктарын конфискация кылып, өздөрүн аёосуз жазалоо маселеси көтөрүлүп жатат. Бул туура. Андан сырткары соттолгон коррупционерлердин үй-бүлөсү менен жакын туугандарын муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарга өмүр бою жакындатпай коюу чаралары дагы сунушталууда. Эл муну көптөн бери эле талап кылып келбеди беле? Жакшы болду. Бул демилгени катуу колдошубуз керек! Кошумчалап айтып койгум келет, билим берүү, саламаттык сактоо тармактарындагы коррупциялык иштер “дың жер” катары эле эч бузулбастан турат. Мунун чарасын ошол эле мыйзам долбооруна тезинен киргизсек. Болбосо келечекке балта чапкан балакет дал ушул тармактарда орун алып келе жатканы өкүнүчтүү! Билим берүү, илим жана ооруканалардын баардык түрлөрү наадандык менен коррупциянын очогуна айланып калган. Алар биргелешкен коррупциялык мафияны бекем орнотуп алышып, эч кимди тоготпой калышкан. Булардын тамырын аёосуз кыркып сала турган мезгил келди! Башка жол жок! Менин оюмча, дал ушул тармактарды мыйзам чегинде жолго сала турган иш-чараларды бүткүл республикага жайылтуубуз керек. Ар бир күн маанилүү болуп турат. Биздин саясый жетекчилерге кажыбас кайрат, бекем эрк каалап туралы!
Мирбек Маниясов, активист:
-- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупция боюнча аябагандай алгылыктуу иштерди жасап жатат. Аны баарыбыз эле көрүп атабыз. Канча жылдан бери коррупцияга малынып калган сот системасына да кезек келди окшойт. Мындай темп менен жакынкы 1-2 жылда өлкөдө тартип орноп, пара алуу, акча менен соттук иштерди басып коюу дээрлик жоголсо керек. Анткени, мыйзам катуу иштеп баратканы аларды чочута баштады.
Бейшенбек Абдразаков:
-- Үч жолку революциянын болушунун негизги себеби сот системасындагы адилетсиздик чечимдер болгон. 30 жылдан бери бул тармакта коррупция гүлдөп өсүп, судьялар пара алып, каалагандай чечимдерди чыгарып келген. “Караларды”, олигархтарды, бийликтин кызыкчылыгын колдогон чечимдерди чыгартып турушкан да. Ошон үчүн сот системасындагы коррупцияны жоюп, ар бир чечими үчүн жоопкерчиликти сезе турган кылып койсо жакшы болот.
Эми акыркы үч жылда коррупциянын, “каралардын” тамыры кесилип, азайып баратат, бирок “таптакыр жоголду” деп айтуу али эрте.
Төлөгөн Келдибаев, саясат талдоочу:
-- Акыйкатка жетүү үчүн ириде көз карандысыз сот системасын түзүү зарыл. Азыркы күндө соттор өз эрктери менен адилет чечим чыгара албай жатышат. Сөзүм куру болбош үчүн мисал келтирейин. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги “Туратали” базарынын айланасындагы базарларга карата административдик доо коюуга, тартып алууга укугу жок.
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги Кара-Суу шаарындагы “Туратали” базарынын айланасындагы соода түйүн жана коомдук тамактануучу жай, жеке ишкерлердин мүлктөрүн тартып алуу максатында жалпы 15 ишкерге Сарай айыл өкмөтү тарабынан базар жана соода түйүнүн куруу үчүн чыгарылган токтомдорду жокко чыгаруу жөнүндө доо арызы Ош облусунун административдик сотунда өндүрүшкө алынып, доо коюу мөөнөтү калыбына келтирилип, ишкерлерге жер участок бөлүп берген токтомдор Ош облустук аминистративдик сотунда 2024-жылдын 17-июлундагы чечими менен жокко чыгарылган. Аталган иш Ош облустук сотунда да каралып, 2024-жылдын 12-августунда Ош облусунун административдик сотунун чечимин өзгөртпөстөн күчүндө калтырган.
Биз аталган ишти изилдеп, мыйзамдуулугун караштырып, тактап чыктык. Азыркы «Туратали» базарына 1987-жылы 12 гектар жер аянты “Киров” колхозунан ажыратылып берилген. Ал эми анын айланасындагы жер тилкелери 1996-жылдан баштап Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн токтомдору менен жеке ишкерлерге базар, дүкөн, ашкана курууга бөлүнүп берилген. Мындайча айтканда, жер Сарай айыл өкмөтүнө караштуу. Ал эми жер үстүндөгү мүлктөрдү жеке ишкерлер кредит, карыз жана башка жолдор менен өз каражаттарына курушкан. Бул ишке Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги административдик доо коюуга, тартып алууга укугу жок. Анткени Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексинин 27-беренесине ылайык, “укугу бузулган тарап же мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоп административдик доогер боло алат” деп так жазылган. Кара-Суу шаарындагы “Туратали” базарынын айланасында мурда мамлекеттик менчикте турган мүлк болгон эмес. Ошого карабастан Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги биздин элден угушубузга караганда, “Туратали” базарында соодагерлерлерден төлөм акчаларды жыйноочу болуп иштеген Мусаев Исламбек аттуу жаранга “Туратали” же “Кара-Суу” базары боюнча талаштуу иштерге катышуу жана доо арыз берүү үчүн ишеним кат берилген. Азыркы күндө «Туратали» базары боюнча талаштуу эч бир соттук иш жок, ал эми “Кара-Суу” соода базары болсо менчик ЖЧК болуп эсептелет жана аны Кара-Суу шаарындагы базарда алардын жери жок. Ишеним каттын чегинен чыгып, башка жарандардын жерлерине доо арыз берип, өзүм билемдик иштери жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги берген ишеним кат “Туратали” же “Кара-Суу” базарынын талаштуу иштери болсо сотко катыша жана сотко доо бере алат.
Ал ЖЧК 2022-жылы уюштурлган жетекчиси Эргешов Нурбек Тойчубекович деп юстициянын базасында катталып турат. Мындан сырткары, бул жеке менчик “Кара-Суу” соода базары ЖЧКнын юридикалык дареги болуп “Туратали” базарынын административдик дарегинде катталып жатат. Кара-Суу шаары, Киров айылы, Ленин көчөсү №124 дарегинде кантип жеке менчик ЖЧКны каттоого укук берди?
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги мындай аракеттери менен укуктук талаадан чыгып кетти. Эгерде алар сотко доо берүү маселеси жаралса, бул мекеменин юридикалык бөлүмү бериши керек болчу.
Президенттин сот системасын реформалоо жана сотторду бир орундан башка орунга которуу (ротация) менен сотторду тартипке келтирем деген аракетинен майнап чыкпай жатат. Буга Кара-Суу шаарындагы базарлар боюнча Ош облустук административдик сотунун чечимдери жана Ош облустук сотунун аныктамалары далил боло алат.
Мындай мыйзамсыз соттук актыларга карата адвокат, юристтер Жогорку сотко даттануу беришет. Жогорку сотто каралып жатканда чырдуу базар иши массалык маалымат каражаттарында соттук ишти кароону түз эфирлерде көрсөтсө, эл да адилеттүүлүк ким тарапта экенин билет болчу. Эми мындай окуялардан кийин “сот адилеттүүлүгү орноду” деп айтууга эрте.
Нурлан Мотуев, блогер:
-- Сот багытын сөзсүз тазалоо керек. Болбосо, буларга мошенниги кайсы, аферисти кайсы – баары бир болуп калыптыр. Нравалык түшүнүк, уят-намыс деле калбагандай. Болбосо, 45 миң доллар жеп алганы тилкат аркылуу далилденген бирөөнү сот калкалап, а аны коомчулукка чыгарып койгон экинчисин сот суракка алууда.
"Азия Ньюс" гезити