“Жылаңач баатырдын” агынан жарылган кыска кеби жана Жумушчулар шаарчасындагы мончонун айланасындагы жагымсыз кептер
Ордо калаабызда жападан жалгыз муниципалдык мончо калды. Ал Некрасов менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашып, “Рабочий городок” деп атайбыз. Жакында эле 130 сомдук төлөмүн 160 сомго көтөрдү. Аны менен бирге бир айлык хронометражга өтүп, келген кишинин санын эсепке алуу менен бирге ысык-муздак сууну ысырап колдонбоо жагына деп түшүндүрүштү. Башка жагын төмөндө айтам, божомолдойм. Эми мончо жана мончо сүйүүчүлөр жөнүндө кыска кепке өтөлү.
Жогоруда жападан жалгыз деп баса белгиледим. Неге дегенде, 1976-жылы андагы борбор шаарыбыз Фрунзеге келгенде жеке менчик деген сөздүн “ж” тамгасынын карааны жок кез эле. Мамлекетке тийешелүү аттуу-баштуу 5 же 6 мончо бар болчу. Жибек-Жолу менен Совет көчөлөрүнүн кесилишинде, Логвиненко менен Токтогулдун кесилишинде, Физприбордогу, Жаш Гвардиядагы, Жумушчулар шаарчасындагы (ФРГ деп койчубуз) жана Пишпектеги. Мына ушулар калкты тейлөөдө өтө чоң кызмат кылышкан. Мончо эмнеси менен мончо? Анын сөөк тердеткен нымдуу буусу менен мончо. Ысык буу сөөктү тердеткенде гана адамдын саламаттыгына абдан жакшы таасирин бере алат. Ооба, азыр мончо, сауна иттин кара капталынан көп. Бирок, сөөк тердеткен нымдуу буусу бар мончо жокко эсе, жалгыз Жумушчулар шаарчасында калды (калгандары актанбай, мактанбай эле койгула). Муну мончонун буусун жакшы көрүп, жашоодон ырахат алган, саламаттыгына татыктуу кам көргөн адам гана түшүнө алат. Кеп денедеги кирди жууп кетириш үчүн эмес, денедеги ашыкча туздарды чыгарып салуу жагын айтып атам.
Анан эмне болду? Логвиненкодогу (андагы академик Иса Коноевич Ахунбаев түшүп жүргөн) мончо бузулду. Анын ордуна кардиологиялык бейтапкана курулду (а да керек). Курулаар алдында Иса Ахунбаев өзү жол кырсыгынан көз жумду. Кийин Жаш Гвардиядагы мончо эгемендик алган алгач жылдары жеке менчикке сатылып кетти (атаңгөрү, суусу артезиан эле. Азыркы кожоюндар баркын билбей жүрүшөт). Көп узабай Физприбор кетти, суусамырлык ага-ини саяктарга. Пишпектеги мончонун баасы асман чапчып, ал жакка “чор тамандар” барбай калды. Жибек-Жолу мончосу менен Жумушчулар шаарчасы калды. Жибек-Жолундагы мончого легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев баш, атактуу кинорежиссер Бекеш Абылдаев, академик Норузбаев төш болгон адамдар келип жүрдү. Кайсы бир күнү “кара теке” сүздү да, оңдоо иштерин кылмак болуп жарым жылча жабылды. Ага чейин бир топ жолу чабуул жасалып, көз арткандар көбөйүп, “сатылганы калды” дешип, жапатырмак кат жазып, кол топтоо иш-аракети жүргөн. Бирок, чиренген байларга арга жок экен. Аны да алып тынышты окшойт. Канча деген карапайым адамдардын убалына (каргышына) калды. Ушу күнгө чейин ремонтко деп жабылып турат. Мүмкүн азыркы кожоюну бул макаланы окуп, кеп-кеңешке чакырар деген үмүт бар
Анан эмне болду? Жибек-Жолу мончосуна түшүп жүргөн “жылаңач баатырлар” жападан жалгыз калган, нымдуу буусу бар Жумушчулар шаарчасына көчүп барышты. Чукул арада ал жердин туруктуу кардарлары менен тил табышып, ымалашып, ынтымак-ырашкердикте, нымдуу буу талашпай эриш-аркак түшүп калдык. Алардын арасында мен да бармын. Эми жакында эле, тактап айтканда, 1-марттан баштап баасын 130 сомдон 160 сомго көтөрүп ийди. Эмнеге көтөргөн жөнүн түшүнүүгө аракет кылайын деген менен бийликтин “машинасы” мени менен же а жерде түшүп жүргөн “жылаңач баатырлар” менен эсептешмек беле? Маселе ушунда.
Анан эмне болду? “Рабочий городоктогу мончону сатышат экен. Ошого банкротко алпаруу иш-чарасы старт алды. Алгач электр тогу менен жалгашкан ташка суу чачмай жабдык орнотот. Нымдуу буу үчүн келип жүргөн кардарлар андан жаа бою качат. Рабочий городок оңдоп-түзөө ишине жабылат. Анын аркасы менен мончо бир көпөскө сатылат. Ошо менен оомийин, Аллаху акбар! Акыркы муниципалдык мончо тамам болот” дешүүдө. Бул эми божомол. Бирок, негиз бар. Андайды көрдүк да.
Анан эмне болду? Эмитен “жылаңач баатырлар” кол топтоо камылгасын көрүп баштады жана бийлик башындагыларга, мэрге, мончо башчылыгына азыркы нааразылыгын билдирүү аракетин кылмакчы. Акүйдү үч саатка жетпеген убакытта алган кыргыз, мончого карата туура эмес иштерди кылган башчылыкты “чыйт” түкүрүп, беш секундда ордуна коюп коёбуз деп атышат. “Эмнеге 160 сом болуп калды? Кайсы негизде? Эмне үчүн жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү мурунку режимдеги эртең мененки саат 07:00 эмес?” деген суроолор күч алууда. Тийешелүү жектекчилик “эси барда этегин жаппаса” арты жакшы бүтпөсүн эскертебиз. Кыскасы ушу. Атаңгөрү, сөз көп эле, кескин кыскартып отурам. Анын да жөнү бар...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити