Турдакун Усубалиев жана Кыргыз кинофильмдеги талаш-тартыштар
(Уландысы. Башы гезиттин өткөн санында)
“Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине “Кыргызфильм” студиясынын башкы редактору Каимов, орун басары Косякова, “Кыргызфильм” студиясынын директору Кангелдиев, орун басары Көкөев жана башка республикадагы көптөгөн коомдук ишмерлер жана көпчүлүк адамдар өздөрүнүн кайрылуусунда “Оглянись товарищ!” аттуу фильмге алардын берген баалары боюнча, тарыхый чындыкка жакындабаган, идеясыз жана көркөмдүк мааниси жок чыгарманы экранга чыгарууга тыюу салуу керектигин айтып, жазып чыгышкан. Олуттуу сын пикирлер, сценарийдин мазмуну жана формасы боюнча кайталап айтылса дагы, фильмдин автору, республикалык кинематографиянын башкармасы тарабынан көңүлгө алынган эмес. Жогорудагы аты аталган комитеттин кызматкерлерин фильмдин авторунун оюна макул болбогондугу үчүн окуяны иликтебей, талкуулабай туруп, сыртынан иштеген кызматтарынан мыйзамсыз бошотулушкан.
“Оглянись товарищ!” фильми негизинен 1933-жылдын сентябрь айынан баштап 1937-жылдын март айына чейин Кыргызстан ВКП(б) обкомунун биринчи секретары болуп иштеген Белоцкий Морис Львовичке арналган чыгарма болчу. Белоцкий 1895-жылы туулган, улуту еврей, КПССтин мүчөлүгүнө 1918-жылы өткөн. Фильмдин режиссору Ю.Герштейн жана жардамчылары Галантер, Горелик, Гуревич, Моргачев болгон. Фильм 1966-жылы “Кыргызфильм” студиясында тартылган. Ал мезгилде ар бир тартылган фильмди милдеттүү түрдө экранга чыгар алдында коомчулуктун өкүлдөрүнө көрсөтүшчү. Аталган фильм коомчулукта ар кандай ызы-чуулуу пикирлерди жараткандыгына байланыштуу республиканын жетекчилери дагы убакыт таап, “Кыргызфильм” студиясына келишкен.
Экранда ар түрдүү иренжиткен жагымсыз, атүгүл жапайы, түшүнүксүз көрсөтүүлөр болуп жатты. Фильмдин негизги идеялык жана көркөмдүк маанисин ажырата албай турдук. Акыры режиссердун алган башкы багыты отузунчу жылдарда Кыргыз обком ВКП(б)нын биринчи секретары болуп иштеген Белоцкийди тоолуу, артта калган аймакта жапайыча жашаган караңгы элди бийик деңгээлге жеткизген, табылгыс жетекчи катары көрсөтүү аракети болгондугун түшүндүк. Чынында “фильм режиссер алып чыккандай болгонбу, же жокпу?” деген мыйзамдуу суроо туулат.
Көрсөтүү аяктап, жарык берилди. Залда тынчтык өкүм сүрдү. Арсар түшүнүк эмес, көрсөтүү жалпыга өңдөрү кумсарган, калчылдакка жеткизкен түшүнүк калтырганы белгилүү болуп турду. Республиканын биринчи жетекчиси катары катышуучуларга кайрылып, “фильм жөнүндө кимде кандай түшүнүк болду?” дедим. Бир аз тынымдан кийин чыгарма өтө оор, тарыхый чындыктан алыс, мазмунунда дайынсыз, талаш-тартыштуу маселелер толтура экендигин айтып жатышты. “Фильмдин идеялык жана көркөмдүк деңгээлин баалоо үчүн атайын группага окумуштуу тарыхчылардан, жазуучулардан, кино кызматкерлеринен киргизиш керек” деген тыянакка токтолушту. Андай топ түзүлүп, отузунчу жылдардагы тарыхый документтер менен фильмдеги чагылдырылган фактыларды салыштырышты. Фильмди тартуу методикасы менен дагы таанышышты. Муну Кыргызстан Борбордук Комитеттин бюросунда кеңири талкуулап, “Оглянись товарищ!” кинофильмин “тарыхый чындыкты бурмалагандыгы үчүн экранга чыгарууга болбойт” деген тыянакка токтошту. “Эмне үчүн?” деген көрүүчүлөрдүн мыйзамдуу суроосу жаралат.
Экрандан кинохроника катары Айдарбеков, Орозбеков, Исакеев, Садаев, Сыдыков, Абдрахманов сыяктуу алгачкы Кыргыз Республикасынын биринчи жетекчилерин тез көрсөтүп, диктор эч кандай алар жөнүндө комментарий бербейт. Белоцкий менен аялы Лордкипанидзеге келгенде, алардын портрети көпкө көрсөтүлөт. Пленумдун чечимисиз, күйөөсүнүн айтканы боюнча аялы Киробком ВКП(б)нын мүчөсү болуп, партиялык норманы одоно бузушкан. Алардын Кыргызстанды башкаруудагы төрт жылдык мөөнөтү кыргыз элинин тарыхындагы эң трагедиялуу мезгилди камтыйт.
Белоцкий жана аны менен кошо келген жакындары биринчи күндөн тарта партиянын уставына баш ийбей, Киробком ВКП(б)нын бюросунун ичинен өзгөчө бюро уюштурушкан. Өзгөчө бюронун мүчөлөрү Белоцкийдин аялы Лордкипанидзе, жакындары Лайт жана Стромблер болгон. Белоцкийдин аталган компаниясы обкомдун ВКП(б) компаниясын каалагандай калчап, тескери иштерди жүргүзө бергенден тартынышкан эмес. Белоцкийдин “өзгөчө бюросу” кыргыз кадрларын даярдоодо кыянатчылык жасап турушканы башынан белгилүү болгон.
1937-жылы Совет өкмөтүнүн орногонуна 20 жыл өтсө дагы, Кыргызстан педагогика институтундагы бүтүрүүчү 100 студенттин ичинен 10, 1938-жылы болгону 9 кыргыз студенти гана окууну аяктаган. Себеби, Белоцкий НКВДнын кызматкерлери менен бирдикте өсүп келе жаткан далай кыргыз кадрларын жок кылдырып турган.
Белоцкийдин колу коюлуп, уюштурган коркунучтуу документине көңүл буралы: “Москва №559, 28 марта 1936 г. ЦК ВКП (б) секретарю ЦК товарищу Ежову!” деген кат менен документтерди жана тазалоо убагындагы партиядан чыгарылган адамдардын тизмеси жиберилет. Обкомдун ою боюнча, тизмедеги көрсөтүлгөн адамдар Кыргызстандын аймагынан тышкары айдалып кетүүсү керек.
Белоцкийдин катында “совершенно секретно” төрт тиркеме кирген. Биринчи тизмеде фамилиясы, аты чет элдиктер менен байланышкан шпиондук таасири бар адамдар. Экинчи жана үчүнчү тизмесинде фамилиясы көрсөтүлүп, “социал-туран” жана башка саясый, улутчул партиялар менен байланышкандар. Төртүнчү тизмеде фамилиясы көрсөтүлүп, бай-манаптардын тукуму, мамлекеттик байлыктарды тоногондор. Тизмеде кырк бир адамдын фамилиясы көрсөтүлгөн. Ежов секретарлыктан ички иштер наркому болуп которулганда Белоцкийдин атайын жазган катын көңүлүнөн чыгарган эмес. Акырында тизмедегилердин баардыгы камалып, суроо-сопкутсуз атылып кетишкен.
Иманалы Айдарбеков мурдагы Кыргыз облустук советтин башкармалыгына шайланып, кийин Белоцкий уюштурган репрессиянын курмандыгына туш келген адамдын 1958-жылы, жыйырма бир жылдан кийин териштиргенде, эч кандай күнөөсү далилденген эмес. Айдарбековдун Кыргызстанда контрреволюциялык “Алаш Ордо” коомун уюштургандыгы жалганга чыккан. Ушундай эле күнөөсүз жерден күнөөлөнгөн партиялык жана советтик кызматкерлердин катарында Исакеев Баялы, Абдрахманов Жусуп, Токбаев Турдалы, Чукин Сейит, Садаев Жайнак, Эсенаманов Эркинбек, Тойчинов Ыбрай, Байбатыров Адамкалый жана башка көптөгөн адамдар болгон.
1961-жылдын 24-октябрында өткөн партиялык-советтик активде Кыргыз Республикасынын алдындагы Коопсуздук комитетинин башкармасы В.Чвертко башка республикалардай эле 1937-1938-жылдары бизде 2000дей адам кылмышы жоктугуна байланыштуу толук акталышкан. Борбордук комитеттин 72 мүчөсү жана кандидатынан 58 адам репрессияга туш келип, көпчүлүгү атылып, түрмөдө каза таап, бир азы гана оорукчан, жарым жан, жарты сан болуп бошотулган. Кийинчерээк Белоцкий өзү, аялы менен НКВДнын түрмөсүндө өлгөн.
Аягында НКВДнын каардуу колдоосуна таянган, Кыргызстандын бир кылка өсүп келе жаткан жаш интеллигенциясын ар түрдүү мыкаачылык жолдорду колдонуп, аларды жоготкон колу кандуулугу боюнча атагы чыккан адамды отуз жылдан кийин башкача түр жаратып, мамлекеттик кинематография комитетинин сунушун “Оглянись товарищ!” кинофильмин даңазалоого Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинен колдоо тапкан жок”.
***
“Жыгылган күрөшкө тойбойт” болуп Шаршен Усубалиев, Герштейн, Моргачевдор коомчулуктун көңүлүн тескери жакка бурдурууга аракеттенип жатышты. Көрсө, аларды москвалык киноискусствосунун “дөө-шаалары”, СССР эл артисстери Михаил Ильич Ромм, Григорий Львович Рошаль, Сергей Герасимов, Кармен жана башка белгилүү адамдар кол коюп, Кыргызстандын жетекчилигине каршы жазган катын союздагы партиянын эң башкы идеологу саналган, саясый бюронун мүчөсү, КПССтин Борбордук Комитетинин секретары М.А.Сусловго жиберишиптир.
Михаил Сусловдо болгонумда, фильм жөнүндө толук баяндамамды угуп, “советтик киноискусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрү башкача жазып жаткандыгына байланыштуу БКнын идеология бөлүмүнөн жана союздук Кинематография комитетинен териштиргенге кызматкерлерди жиберебиз, алар иштин жыйынтыгын БКга тапшырат” деди. Сусловдун тапшырмасын КПССтин Борбордук Комитетинин идеология боюнча бөлүм башчысы В.И.Степаков, СССР Министрлер советинин алдындагы кинематогафия комитетинин башкармасы В.А.Романов текшеришти. Алар республикалык идеологиялык кызматкерлери, бюронун мүчөлөрү, көркөм чыгармачылыктын өкүлдөрү, фильмдин авторлору жана республикалык мамкинонун өкүлдөрү менен “Кыргызфильм” студиясында талкуулашты. Фильмди көрүп, кеңири коомчулук менен талкуулагандан кийин Кыргызстан КП БКнын “Оглянись товарищ!” фильми тууралуу чыгарган чечимин колдошту. Борбордук Комитетке жазуу түрүндө отчетун берип, москвалык киноискусствосунун арызы контролдон алынды. Шаршен Усубалиевдин, Герштейндин көптөгөн айларды камтыган фильм чатагы ушинтип ишин аяктады. 1937-38-жылдардагы күнөөсүз репрессиянын курмандыгы болгон адамдарыбыздын саны 40 миңден ашып, республиканын бир кылка жетекчилери катарынан жок кылынган.
Атасы Төрөкул Айтматов дагы күнөөсүз жерден атылып, жетимдиктин азап-тозогун чийедей болгон үч бөбөгү менен башынан өткөргөн Чыңгыз өзү жетектеген Кыргыз кинематографиясынан “Оглянись товарищ!” фильмин бир ууч жүүт режиссерлордун чеңгелинен чыга албай, жардамчысы Шаршен Усубалиев менен аларды ачык колдогонуна таңгалам! Бирок, Шаршен Усубалиев калыс баа бергенден огобетер алыстап, Айтматовдун атагын басаңдатыш максатында “Кыргызстан Борбордук Комитети “Биринчи мугалим” фильмине карама-каршы иштерди уюштуруп жатат” деген ушактарды таратып баштаган.
Айтматовдун “Биринчи мугалими” анын чыгармаларынын ичинен эң мыктысы деп эсептейм, бирок “Кыргызфильмдеги” экрандан чыккандагы мазмуну, алган багыты, көркөмдүгү теңирден тескери болуп калгандыгы тууралуу кеңири токтоло кетейин” дейт Турдакун Усубалиевич.
“1967-жылы КПСС БКнын алдындагы партиялык контролдоо комитетинин талабы боюнча Ч.Айтматов тууралуу Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети төмөнкүдөй жооп берет:
“Кыргызстан Компартиясынын БК жана өкмөтү жолдош Айтматовго чыгармачылык менен иштөөсүнө толук шартты түзүп беришкен. Анын чыгармалары басмаканадан жарык көрүп жана кайрадан көп нускада басылып жатат. Акыркы беш жылдын ичинде республикадагы 2360 миң нусканын 403 миңи жалгыз Айтматовдун чыгармачылыгына тийиштүү дегенин айтсак жетиштүү факт эмеспи. Баардык чыгармалары экрандаштырылып, театрларыбызда спектаклдери сахналаштырып жатат. Борбордук Комитеттин бюросу айрым жазуучулардын, интеллигенттердин Айтматовго койгон айыптоолорунан дамамат коргоп келет.
Чыңгыз Айтматов 1963-жылы Кыргыз ССРнин Жогорку Советине, 1967-жылдан баштап СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган жана Кыргызстан БКнын мүчөсү, кинематографисттер союзунун башкармасы, КПССтин XXIII съездине делегат болгон.
КПССтин Борбордук комитеттин алдыдагы партиялык контролдоо комитети биздин жазган расмий жообубузга таянып, арызчылардын жазуучу Айтматовду күнөөлөө негизсиздигине токтолушкан. “Кыскартып айтсак, - дейт Турдакун Усубалиевич, -- Айтматовдун мыкты жазылган чыгармасы кинокартинада өз деңгээлинен алда канча артта калган. Революциядан кийинки кыргыз элинин жашоо турмушун жапайы элдерге теңегендиги улуттун ар-намысына катуу таасир эткен. Кылымдарды карыткан байыркы улуттун башка элдерге окшобогон салты, наркы жана маданияты болгон. Фильмде алар жөнүндө ооз ачкан эмес. Ошондуктан, республиканын БКнын биринчи секретары катарында фильмдин көрсөтүлүшүнө биринчилерден болуп каршы чыктым. Менин кызмат абалым, эли-журтумдун намысын тебелетпөөгө, өткөн тарыхын коргоого милдеттендирди. Мен бул акыйкатсыз кармашта жалгыз болгон жокмун, менин оюм көпчүлүк мекендештерибиздин максаты менен дал келип турду. Окурмандарга жеткиликтүү болсун үчүн “Биринчи мугалим” фильми тууралуу убагында айтылган илимий жана чыгармачылыктагы интеллигенциянын айрымдарына токтоло кетсек.
Жазуучу Смар Шимеев: “Фильм элдердин жашоосундагы чындыкты тайсалдатып, жапайычылыкты көрсөтүп, америкалык фильмдердеги жергиликтүү индеецтерге окшоштурган”.
“Баардык физикалык көрсөтүүлөр жараксыздыгын белгилейт, - дейт драматург Токтоболот Абдымомунов. -- Адамдын ааламды духовный таануусу жок. Картинада маңка, өңдөрү терс адамдарды чогулткан жана жырткыч жаныбарларды уюгу менен көрсөткөндөй таасир калтырат. Ошон үчүн макул боло албайм”.
Айтматовдун “Жамилясын” алгачкылардан болуп жогору баалап, аны Бетховенге теңеп, Кыргыз Жазуучулар союзунун башкармасы катары үч жыл катары менен (1961-1963) Лениндик сыйлыктын лауреаттыгына көрсөткөн, Кыргыз ССР илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, искусство таануучу Азиз Салиев: “Жок нерсени элге таңуулабаш керек. Кыргыз калкында болуп көрбөгөн терс жоруктарды байланыштырып жатышат. Кыргыз жергесинде мугалимдин интеллектуалдык деңгээли ушунча пас, акылы аз жана дөдөй адам катары калыптандырышкан” деген.
Фильм жөнүндө Кыргыз ССРнин илимдер академиясынын академиги, жазуучу, Түгөлбай Сыдыкбеков төмөндөгүчө баяндайт: “Дүйшөн жалаң эле биринчи мугалим болбостон, биринчи кызыл аскер да болгон жана кызыл аскерлер калкыбызда убагында урматталып турган. Алар элибизди кылымдап созулган эзүүдөн куткарган. Тарыхты бурмалоого болбойт. Дүйшөндү баардыгы шылдыңдашат, жүзүнө түкүрүшөт, биринчи мугалим учурашса колун бербейт, тумшукка муштайт. Деги мындай окуя кайда болду эле? Кинодо кыргыздарды орой, жапайы, эч кандай ички адамдык сезими жок, кебете-кешпири келишкен катары сүрөттөгөн. Мындайды кечирүүгө болбойт! Фильмде атайылап кошуп жазылган, элибизге жат, чындыкка коошпогон нерселер толтура. Жалпы чогулгандарда сөгүнгөн адамдар, орой мамилелер, жапайы, ач, жулунган адамдар бир тиштем эт үчүн бири-биринин жанын кыюуга даяр”.
“Совет мезгили жаңыдан жанганда, мен ишти мугалимдиктен баштагам, - дейт Кыргыз илимдер академиясынын академиги, профессор Болот Юнусалиев. -- Кыргыз элинин жашоо турмушун, үрп-адатын жакшы билем. Алыскы айылдарда мугалимдердин кадыр-баркы өтө жогору болгон. Фильмден көргөндөрүм анын теңирден тескериси болуп, азыркы кыргыз калкынын каада-салтын, деңгээлин жана жашоо турмушун келекелөөгө арналган”.
Картинанын таасири андан дагы катуу мүшкүлгө салганын Кыргыз илимдер академиясынын академиги Константин Кузьмич Юдахиндин жазганына көңүл буралы: “Кыргыз элин жакшы билем. Айтматовдун повестин кыргыз тилинде окудум. Авторго биринчилерден болуп өз оюмду айткам. Повест менен кинонун ортосу асман жердей айырмаланганын көргөнгө дитим чыдабады. Кинону таптакыр көрсөтүүдөн алыш керек, айрыкча чет элге чыгарбаш керек. Мугалимге дагы ушундай тескери мамиле болобу? Кайдан көрдүңөр эле бычак турса, этти тыткылап, иттерче жулкуп жегенди? Революциянын башында кыргыздар ушундай жапайы деңгээлде болгон деген аракеттер жасалса керек? Фильмди алып өрттөш керек!”.
Фильмди көргөн залдагы эки жүздөн ашык адамдын бирөөсү дагы аны колдободу. Коомчулуктун каршы болуп жатканы эртеси Москвага билинип, союздун пленумунда Кыргызстан БК Компартиясынын биринчи секретарынын улутчулдук саясатын күнөөлөп, “орус кинорежиссерунун ишине көралбастык тоскоолдуктарды жаратты” деп КПССтин БКсына Храбровицкий арызын тапшырган.
Коомчулуктун көрсөткөн катуу каршылыгына туруштук бере алышпай, фильмдин авторлору “Кыргызфильм” студиясынын редакторуна “айрым жерлери оңдолот” деген кат жиберишкен.
“Кыргызфильм” студиясынын директору Н.Кангелдиев “коомчулуктун көптөгөн акыйкат нааразылыгын эске алууга байланыштуу “Биринчи мугалим” (Шумят тополя”) фильмдин авторлору айрым жерлерин оңдоону жана болжол менен 150 метрлик жерин кыскартууну сунуштайт”. (Ч.Айтматов, А.Кончаловский).
Фильмдин айрым жерлери оңдолду дегенден кийин союздук кинематографиядан республикалык кинематографияга кат жиберишкен. Чынында, авторлордун көрсөтүлгөн сунуштары толугу менен оңдолбой, көз боёмочулук кылышкан.
1965-жылдын июнь айында кинематографиянын башкы көркөм башкармасынын орун басары И.Кокарева “Биринчи мугалим” фильмин көрсөтүүгө акт жазып, кол коюп, уруксат кылат. Актыны 1965-жылдын июль айында СССР Министрлер советинин алдындагы мамлекеттик комитеттин орун басары В.Басканов республиканын жетекчилигинин макулдугу жок эле фильмди көрсөтүүгө уруксат берет. Фильмдин айланасындагы ызы-чуулар кийин башталып, Кыргызстан Компартиясынын БКнын, анын биринчи секретары Турдакун Усубалиевди күнөөлөш максатында “республикада орус жана башка кыргыз эмес режиссер-коюучуларга иштөөгө жолтоо болуп жатат” деп жалаа жаап, ызы-чуу чыгарышкан.
Арыз боюнча 1966-жылдын аягында “Биринчи мугалим” кинокартинасы тууралуу Турдакун Усубалиевич М.А.Сусловдун чакыруусунда болот. Суслов “Кинематографисттер союзу кайрадан сизге арызданып жатышат. Эмнеге сиз фильмди көрсөтүүгө уруксат бербей жатасыз?” деген суроону узатат. “БКнын бюросунда талкууладык, республикалык кинематографиянын башкармасынын атайын уюштурган иши экен. Фильм республика боюнча көрсөтүлүп жатат. Башка союздук республикаларда биздин макулдугубуз жок эле көрсөтүлүп жаткандыгын өзүбүз кийин угуп таңгалык” дейт. Суслов: “Фильм тартылгандан кийин авторлордун элге көрсөтүүгө укугу бар. Фильмди көрдүм, өтө катаал экен. Көрүүчүлөр өз баасын бере берсин” деп бүтүм чыгарат.
Республиканын коомчулугунда, ар кандай форумдарда, массалык маалымат каражаттарында жана союзда “Биринчи мугалим” фильми кызуу талкууланып жатты. Борбордук Комитетке көптөгөн арыздар түштү. Жалпысынан кинокартинага берилген баалардын дээрлик баардыгы теңирден тескери болду. Чанда гана борбордук гезиттерде режиссерлорду атайылап колдоттурган (жалданган) макалалар жазылып жатты.
Айрым киноискусствонун чеберлеринин айтканына көңүл бөлсөк.
Союздук кинематографиянын пленумунда өлкөдө жана чет мамлекеттерде белгилүү болгон казак элинин кинорежиссору, СССРдин эл артисти Шакен Айманов режиссердун артыкчылыгын жана кетирген катачылыктарын таамай жиликтеп айткан: “Айрым жаш режиссерлорубуз мурдатан тааныш эмес улуттук студияларга келип, алардын салтын, наркын, улуттук байыркы маданиятын билбей туруп, фильм тартууга аракет жасаганынан майнап чыкпай жатпайбы? Ошондой катачылыктар “Биринчи мугалим” фильмде кеңири орун алган”.
Кинематографисттер союзунун пленумунда биздин жаш, таланттуу кинорежиссерубуз, келечектеги СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев республикалык Борбордук Комитетибизге, жалпы илимий жана чыгармачылык интеллигенциябызга чаржайыт жана алардын ар-намысына шек келтирген ачуу, маданиятсыз сөздөрдү айткандыгы үчүн Храбровицкийге тийиштүү жообун берген: “Кыргыздар элүү жылдан бери Совет доорунда жашап жатат. Көпчүлүгү тоолордон эбак түшүп келишкен. Аларга Казань вокзалына кантип барууну түшүндүрүүнүн кажети жок. Улуттун кылымдап келе жаткан каада-салтына шек келтирүүгө, шылдыңдоого эч кимдин укугу жок! Ар бир редактор өзүнүн чала-моңол пас түшүнүгүн, көз карашын бүтүндөй улутка таңуулоонун кимге зарылчылыгы бар?”.
“Биринчи мугалим” жөнүндөгү биздин ой толгообуз, республиканын элдеринин жалпы пикири туура болгондугун турмуш өзү далилдеди, - дейт Турдакун Усубалиевич өзүнүн жазгандарында. -- Картинаны көрүүчүлөр анын көркөмдүк саясый деңгээли кандай болсо ошондой туура баа берип жатышты. Фильмди кыргызстандыктардын 4,8%ы, а бүткүл союздук экрандан 1,8%ы гана көргүсү келген. (Кыргызстан КП БКнын алдындагы партия тарых институтунун архивинен. Фонд 56, 38-бет).
Кинопрокат мекемесинин кызматкерлеринин айтуусуна караганда, мындай көрүүчүлөрү жокко эсе фильмди тарыхта биринчи жолу жолуктурушкан. “Биринчи мугалим” фильми Кыргызстан жана жалпы союздук экранда жараксыз болсо дагы, СССР Министрлер советинин алдындагы кинематография Госкомитети жана кинематографисттер союзу “Биринчи мугалимди” 1966-жылы XXVII эл аралык Венеция кинофестивалына катыштырууга алып жөнөшкөн. “Биринчи мугалим” эң жогорку сыйлыкка татыктуу болот” деп өпкөсү көпкөн режиссорлордун тилеги таш каап, фильм фестивалда эң начары катары таанылган. Италиялык басма сөз каражаттарында фильм тууралуу берилген сындардын дээрлик баардыгы тескери болуп, бирөөсүнөн дагы колдоо тапкан эмес.
“Биринчи мугалимдин” эл аралык кинофестивалдан идеологиялык катуу сокку жеши, аны колдогондордун акыл-эсин, арам ойлорун, чыгармачылык багытын, искусстводогу түшүнүк деңгээлин өз ордуна келтирген. Фестивалдын жыйынтыгы алардын ооздорун жаап, “Биринчи мугалим” тууралуу кинематография союзунда, Госкомитетте, борбордук жана республикалык маалымат каражаттарында мурдагыдай “бет тырмарлык” мамиле менен Кыргызстан БК жетекчилигине көө жапкан адилетсиздигин айласыздан токтотушкан.
Арызчылардын ичинде Шаршен, Герштейн, Моргачев, Храбровицкий жана аларды колун коюп колдогон СССРдин эл артистери Михаил Ильич Ромм, Григорий Львович Рошаль, Сергей Апполинариевич Герасимов жана Кармен сыяктуу союздун кино искусствосунун “дөө-шаалары” болгон. Аталган адамдар жалаң эле идеологиялык иштерге эмес, айрым учурларда союздагы ар түрдүү саясый жана өндүрүштүк иштерге дагы аралашып, бирин-бири колдоп, өздөрүн “таанытып”, көңүл бурдурууга аракеттенип турушкан.
Венециядагы XXVII эл аралык кинофестиваль союздан жалгыз катышкан жалаң эле “Биринчи мугалимге” өз баасын бербестен, аны жанталаша колдогон бүтүндөй советтик кино искусствосунун ишмерлеринин көркөмдүк деңгээлин, иш жыйынтыгын, алган багытын, “ташкындаган таланттарын” таанытып койду. Экинчи жаатынан, социалистик системаны, совет өкмөтүн ыдыратуу максатында 1945-жылдары жарыяланган АКШнын Борбордук чалгындоо башкармасынын жетекчиси Аллен Даллестин “адабият, театр, кино ар бир адамдын эң төмөнкү сезимдерин сүрөттөйт жана даңазалайт. Биз ар дайым айтылып келген көркөм өнөрлөрүн колдоп жана көтөрмөлөп, адамдардын аң-сезимине зордук-зомбулукту, чыккынчылыкты, мыкаачылыкты, адеп-ахлаксыздыкты баш мээге сиңиребиз деген Даллестин “табылгыс осуятына” чалдыккан союздук атактуу аталган киночулар аны тымызын колдогонбу (?) деген ойго аргасыздан туш келесиң...” деген.
1960-жылдардан баштап шаардыктардын аң-сезими кескин көтөрүлүп, массалык маалымат каражаттарына, театрларда, кинотеатрларында көрүүчүлөр узун кезекке туруп, кирүүгө билет сатып алып жаткандыгы көнүмүш адатка айланган мезгил эле. Ошол убакта тушоосу жаңыдан кесилип-кесилбеген “Биринчи мугалим” студент жаштардын толкунунда катуу соккуга урунду. Студенттер кайда болбосун көргөн кинокартинасына, анын сюжетине, ойногон артисттерине, сценарийди жазган авторуна чейин нааразычылыктарын билдирип, улутун мазактаган чыгарманы көргөзүүнү токтотууну Борбордук Комитеттен талап кылып жатышты.
Ал убакта ызы-чуулуу, өз улутун, ата салтын мазактаган чыгарманын автору Чыңгыз Айтматовдун атагы таш жарып турган мезгил эле. Менин жеке баамымда, Чыңгыз Айтматовдун талантын асмандата көтөрмөлөгөн калайык калкы, Кыргыз Республикасынын жетекчилиги кастарлап турса, мыкты деген чыгармасын экрандаштырганда, Ата мекенинен, союздан, эл аралык фестивалдан аброй таппай турганда, фильмдин автору катары бир ооз калыс сөзүн айтып, жалпы улутун, өзүн, кыргыз киноискусствосун кошо мазактаган чыгармасын экрандан алып салууга жарабай, башын катып, үн чыгарбай, Батыштын таламындагы бир ууч жүүт режиссерлорду колдогонуна таңым бар”.
"Азия Ньюс" гезити