“Стратегиялык жагынан алып караганда, борбор шаарды Суусамырга жылдыруу туура”


-- Бишкек ыш-түтүнгө чулганып, ички миграциянын агымы көбөйүп, эл батпай баратканы жашыруун эмес. Борбор шаар келечекте Суусамырга которулса туура болобу? Кандай артыкчылыктарына токтолот элеңиз?

Аскар Медетов, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти:
-- Акыркы жыйырма жылда Бишкектин калкы ички-тышкы миграциянын эсебинен эки-үч эсе көбөйдү. Транспорттун саны да төрт-беш эсе артты окшойт. Шаардын инфраструктурасы калктын санынын мынчалык кескин өсүшүн көтөрө албай, очорулуп калды. Экономикалык, социалдык өнүгүүсү туюкка кептелди. Өндүрүш сектору калаанын сыртына чыгарылышы керек болчу. Транспорттон тышкары, жүздөгөн цехтер шаардын ичинде иштеп, абаны, айлана-тегерегин булгап жатканы менен мэриянын иши да жок. Ушундан улам бир кездеги жыпар жыты аңкыган жашыл шаар азыр дүйнөдөгү эң эле кир, булганыч, абасы ыш Каир, Лахор сыяктуу мегаполистердин катарына кошулду. Баш калааны түтүн каптап, абасы булганып, курч экологиялык көйгөй жаралды. Элүүдөн ашык жаңы конуштар калааны курчап, анын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей тегерете кысып турат. Ушундай социалдык көйгөйлөрдөн улам борборду көчүрүү маселеси көтөрүлүп жатат. Башкалааны көчүргөнгө мындан башка да жүйөлүү себептер бар. Коопсуздук жагынан алганда, борбор сырткы чек арадан алыс, өлкөнүн ортосунда, ички аймагында болгону стратегиялык талаптарга жооп берет. Ушундай болгондо жогорку бийлик бутактары: президент, парламент, министрлер кабинети, соттордун ишмердүүлүгүнүн коопсуздугу камсыз болот. Өлкөнүн жаңы борбору боюнча ар кандай пикирлер айтыла калып жүрөт. Стратегиялык жагынан алып караганда, борбор шаарды Суусамырга жылдыруу туура. Анткени жети дубандын ортосунда жайгашкан, транспорт, коммуникация жагынан түндүк-түштүктү бириктирген эски кан жол өтөт, жаңы жол да алыс эмес, кошсо болот, өздөштүрүлө элек жер, архитектуралык идеяларды ишке ашыруу үчүн курулушка кеңири мүмкүнчүлүктөр бар. Жери кенен, суусу мол, экологиясы таза аймакка өлкөнүн административдик борбору болгон заманбап калаа курулса, жарашып эле калат. Мына ошондо 30 жылдан бери алкы бузук, бийлиги коррупцияга белчесинен батып, эли тентип, кыйналып, чайналып, өнүгө албай жаткан Кыргызстандын өсүүсүнүн жаңы барагы ачылат деп ойлойм.

Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу:
-- Суусамыр Кыргызстандын ортосу, өтө кооз, түз жер, жайында салкын, кышында анча деле суук эмес. Борбор калааны ошол Суусамырга көчүрүп, чоң аэропорт курса болот. Жаңы шаар катары өнүктүрүүгө көп негиздер бар. Суусамырга Талас, Манастын күмбөзү да жакын. Ошондо Кудайга жагабыз. Борбор Талас өрөөнүнө чукул болгону үчүн бийлик да коркуп иштемек. “Оодарылып кетпейли...” дешип.

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты:
-- Албетте, бизге жаңы Бишкек-сити керек, Суусамыр инфраструктура жагынан ыңгайсыз. Мүмкүн болсо, калааны Токмок менен Бишкектин ортосуна куруу зарыл. Андан сырткары, Токмокту студенттердин шаарына айлантып, баардык ЖОЖдорду жана облустук мекемелерди да көчүрүш керек. Ошондо бир аз да болсо шаар бошой түшөт.
"Азия Ньюс" гезити











