“Молдолор менен мечиттер ыймандын белгиси эмес”
-- Кыргызстанда мечиттер, молдокелер, намазга жыгылгандар көп. А эмнеге коомчулукта ыйман кетип, зордук-зомбулук күчөп, кедерибизден кетип баратабыз?
Бурулкан Карагулова, акын:
-- Себеби, мечиттерде балдарга туура эмес үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Билимге умтулбай, артка кетип баратышат. “Бир туугандар үйлөнө бергиле” деген ажыга өкмөт чара деле көргөн жок. Ошол эле ажы “төөнүн заарасы дары болот, чегирткени жей бергиле” деп жар салууда. Демек, молдокелер өкмөттү башкарып калган деп ойлой берсе болобу?..
Кубатбек Байболов, экс-депутат:
-- Коомчулуктагы ыйман, руханий нравалык жагдай мечиттердин, намазга жыгылгандардын санынан эч көз каранды эместигин убакыт көргөздү. Диний чектөөлөр, молдокелердин чакырыктары, коомчулугубузду иш жүзүндө таза сактап кала албады. Бул сыяктуу сыйкырдуу божомолдорго ашепке ишеним артуу өтө чоң ката болгон. Советтик идеологиянын кыйрашы, жаңы муундагы эгемен жетекчилердин алсыздыгынан келип чыккан иренжүү, карапайым элди молдокелерден ишеним күтүүгө түрткү берди. Жыйынтыгында акыбал мурункудан да оорлоду. Себеби эмнеде?
Менин баамымда, анын себеби кыргыздардын өз тарыхында бери дегенде беш пассионардык соккуга дуушар болуп, чексиз жабыр тарткандыгында. 1) Эзелтеден байыр алган аралынан ажырап, жер которгондугунан; 2) жер каймактагандан ишеним арткан, ыйык туткан дининен ажырагандыгынан; 3) большевиктердин эбегейсиз жырткыч экспериментинин курмандыгы болгондугунан; 4) үркүндөн, согуштан, репрессиялардан, улуттун каймагынан ажырагандыгынан; 5) эми акыр аягы, кайрадан улут мыктылары мигрант түрүндө өлкөдөн качкандыгынан.
Эмне кылуу керек? Илим, билим, өндүрүш, акыйкаттык, эркиндик калыбына келмейинче, өзгөрүү болбойт. Бул чексиз баалуулуктар өтө чоң саясый реформалар ишке ашмайынча, албетте, калыптана албайт.
Элмара Турсуналиева, алпаруучу:
-- Ыйман эмнеден пайда болот? Тарбиядан, китептен, ата-эненин насаатынан жаралчу чоң касиет эмеспи. Намазга чекең жарылгыча жыгылсаң дагы жаман менен жакшынын айырмасын билбесең, ыйман асмандан түшмөк беле? Кыргызда молдону мактаган бир дагы макал жок. Тескерисинче, алардын терс жоруктарын ашкерелеген, мазактаган, чала сабат динчилдерди ачыкка чыгарган гана макалдар бар. Байыркы кыргыз көрөгөч жана бетке чабар болгон экен. Молдонун “наркы дүйнөсүнөн” корккон эмес, кемчилигин бетине айткан. Сакалчандар коомду оңдосо Афганистан, Сирия, Пакистан эмдигиче өнүкмөк. Ислам динин туу туткан өлкөлөрдө педофилия, бачабаздык, баңгиликтин түрлөрү өнүккөн! Молдолор менен мечиттер ыймандын белгиси эмес. Булар пайдасынан зыяны көп НПОлордун гана бири. Булардын зыяны тилге, маданиятка, жаштарга катуу тийди. Барынан жогу жакшы эле. Ыйман менен Жараткан – адамдын көкүрөгүндө! Жараткан менен сүйлөшүү үчүн мага молдолук “ортомчунун” кереги жок.
Талант Узакбаев, экс-депутат:
-- Мечиттердин көптүгү жаман көрүнүш эмес. Кеп ошол мечиттерге барып намазга жыгылгандарда. “Намазга беш маал жыгылам, мен эң таза мусулманмын” дегендерден сак болуу керек. Намазга ар бирибиз өзүбүз үчүн жыгылабыз, беш маал өзүбүздүн керт башыбыз үчүн окуйбуз. Бир дагы адам бирөөнү “сен дагы оку” деп кыйнай албайт. Эгерде ишеним жөн гана өзүбүз үчүн болбой, башкача максат болсо, бул өтө коркунучтуу. Мыйзам эң жогорку орунда туруш керек. Башка жол жок.
"Азия Ньюс" гезити