Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бетин жашырып алып, элди бөлүп-жарууга, касташууга чакырган жаран кармалды

Бетин жашырып алып, элди бөлүп-жарууга, касташууга чакырган жаран кармалды

27-ноябрь, 11:51
929 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда аймактар аралык, жер-жерлерге бөлүнүү, касташууну козуткан социалдык тармактардын колдонуучусу кармалды.

Учурда бетин жашырып, эч кимге таанылбай калам деген  А.Ж. ысымдуу жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Интернеттеги социалдык тармактардын колдонуучуларына жайылтып, жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн А.Ж. аттуу жаран сурак берүүдө. Натыйжада, колдонуучулар арасында каршы ойлор жаратылып, бири-бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (аймактар аралык касашууну козутуу) боюнча шектелүүдө.

Эскерте кетсек, интернеттеги социалдык тармактарга ар кандай жашыруун ат менен катталып алып, бетин жашырып, коомду ар кандай чагымчылдыкка, диний  экстремизмге үндөгөн адамдардын саны арбын. 

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер