Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айымдарга ич кийим белек кылган мырзалар төшөктө кыйнашабы?..

Айымдарга ич кийим белек кылган мырзалар төшөктө кыйнашабы?..

23-ноябрь, 15:53
2 075 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Психологиянын тили менен айтканда, ар бир берген белек кайсы бир деңгээлде адамдын жандүйнөсүнөн чыгат. Бүгүн биз күйөөңүз, жигитиңиз же жактырган адамыңыз берген белектер аркылуу алардын сизге карата мамилеси менен мүнөзүн “Белес” сайты чечмелеп жазды. 


Атыр

Сизге жолдошуңуз атыр белек кылган болсо, анда ал абдан жумушу көп адам. Белек издеп отурганга убактысы жок, ошондуктан жубайына деп сүйүктүү порфюмду алды. Демек, ал сизди табитиңизди жакшы билген камкор жана майда-чүйдөгө чейин көңүл бөлгөн эркек деп билсеңиз болот.

Аба шарлары

Мындай эркектин жандүйнөсү романтикага толгон жана жарынан дагы ошол мамилени күтөт. Ал мурда мындай назик сезимдерди күтпөсө дагы жашоосунун дал азыркы табында ага сүйүү жана эргүү абдан керек болуп турат. Ал түшүнүктүү жана колдоо көрсөткөн жубайга муктаж. Алтургай ал белек баланын ишиндей көрүнсө да, белегин жакшы кабыл алып, жигитиңизди таарынтып албаңыз!

Акча

Акча салынган конвертти же акчаны берген эркек ички дүйнөсүндө аялынын көңүлү калып калбасын деп чочулаган жан. Ошондуктан аялы каалаган белекти өзү сатып алсын дейт. Ал чыныгы прагматик, рационалдуу ойлонгон жана өзүнө ишенген, тажрыйбалуу эркек.

Идиш-аяк, ашкана буюмдары, фартук

Мындай белектерди берген эркектер өзүн чыныгы эркек, ал эми жубайын үй кожойкеси катары көргүсү келгендер. Ал акчаны көп табат, мындай белектерди берүү менен үйгө ыңгайлуулук жана жылуулуктун болушун каалайт.

Ич кийим

Айымдардын ич кийимин белекке берген мырзадан төшөктө көптү күтсө болот. Сүйүктүү адамыңыз ушундай белек берип жатса, уктоочу бөлмө ал үчүн зериктирме болуп жатканынан кабар берет. Сексуалдуу жашооңузду бир беткей кылбаштын жолдорун ойлонуңуз.

Сувенирлер

Брелоктор, календарлар, калем сап койгучтарды көп учурда кесиптештер берет. Жактырган адамыңыз сизге ушундай белек берип жатса, ал сизди кесиптеш катары көрүп жаткан жокпу, карап көрүңүз.

Турмуш-тиричилик буюмдары, компьютер гаджеттери

Мындай белек жакшы белги. Жолдошуңуз сиздин үй кожойкелик эмгегиңизди бир аз да болсо жеңилдетсем дейт. Органайзер, компьютер гаджеттери, термокружкаларды берген жигиттер прагматик, эсепчил жандар болушат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер