Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамал Фронтбек кызы: “Ректордун бузук машинесин жүргүзүп алып, Чубак ажы менен баптисттерге дааватка барчубуз”

Жамал Фронтбек кызы: “Ректордун бузук машинесин жүргүзүп алып, Чубак ажы менен баптисттерге дааватка барчубуз”

03-апрель, 23:57
727 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Жамал эже, орус классты окуп, эркин ойлонгон, ачык айтып, ак сүйлөгөн, акыл казынаңыз бай жансыз. Эмнеге башка тармакты эмес, дин багытын тандадыңыз? Мүмкүн жоолуксуз деле Кыргызстанга чоң салым кошмоктурсуз...
-- Менин атам айткан сөздү айттыңыз го. Атам “балам, сен чиновник болуп иштесең мамлекетке чоң салым кошмоксуң” деп көп айтаар эле... 
Мен Ислам университетине өзүм каалап тапшыргам. Жанымды сактайын дегем. Анткени, жашоонун максаты бейишке кирүү катары түшүнгөм. Эки жыл окугандан кийин башка тармакка өткүм келген учурлар да болду. Ал мезгилде Ислам университети жаңы ачылып, базасы начар эле. Окуу жайдын имараты да купулума толчу эмес. Жерге отуруп окучубуз. Анан Египеттен окугум келди. Бирок, атам “светтик билим алмайын эч жакка барбайсың” деп уруксат бербей койду. “Балам, эки жолу телевизорго чыкканыңа сүйүнө бербе. Эл тез эле унутат. Кошумча билим ал. Диплом керек” деп атып, экономика факультетин окушума себепкер кылды. Аны кызыл диплом менен аяктагандан кийин “мына эми адам болдуң, эми диссертацияңды жакта” деген чоң тапшырма берди. Атамдын өтүнүчүн четке кага албай, кандидаттык диссертациямды жактадым. Андан кийин “докторлук диссертацияны жактоо да колуңдан келет” деди. Атам менден көптү үмүттөнгөн экен. Жоолук салынып алганымда “башка чөйрөгө кетип калды” деп санааркаган окшойт. Чынында Ислам университетине окуганда кыргыз тилинен абдан кыйналдым. Баткендик устаздардан сабак алганым үчүн кыргыз тилин Баткен диалектисинде сүйлөп калдым. Ошондон уламбы, көптөр мени түштүктүн кызы деп ойлошот.
-- Азыркы университеттин имараты ал мезгилде жок беле?
-- Окуу жай ачыш үчүн оорукананын имаратын жаңы эле сатып алган мезгил болчу. Эмнегедир балдарды жаңы сатып алган имаратка, кыздарды эски имаратта окутушчу. “Эмнеге биз жаңы сатып алган имаратка окубайбыз? Кыздарга биринчи кабатын бергиле” деп ректорго чейин кирип атып, акыры кыздардын жаңы имаратта окушуна салым кошком. Ошондой эле “эмнеге илим, билими жок эжелер бизге сабак бере берет? Илимдүү эркектер да сабак берсин” деп талап кылчумун.
Мен дамблаларга абдан ыраазымын. Мага өзгөчө мамиле кылып окутушту. Ата-энем менен сүйлөшүп, жетелеп жүрүп окуумду бүткөрүштү. Болбосо “бул жакта эмне жүрөм?” деп далай жолу оюм бузулган күндөр болду. Арабдар араб тилин окутканда кызыгып калдым. 
-- Ислам университетинде башка окуу жайлардай эле көңүл ача турган иш-чаралар болчу беле?  
-- 8-марттын урматына кыздар арасында КВН өткөрүү демилгесин көтөрүп, мечитке жанаша жайгашкан №65 мектептин актовый залын сүйлөшүп, арабдарга арендасын төлөттүм. Ал мезгилде муфтий Кимсанбай ажы эле. Ага кирип, “8-мартта кыздар гүл алгысы келет. Бизге гүл алып бергиле” дедим. Ал киши орусча билбейт. Мен кыргызча жакшы түшүнө албайм. Иши кылып, кыздарга гүл алып берүүнү түшүндүрдүм. Гүлгө 3000 сом бөлүштү. Чуркап барып, гүл сатып келдим. Арабдардын баарын чакырып, КВНди өткөрүп, таланттуу кыздардын оюн-зоогуна күбө болдук. Бири гитара чертсе, бири комузда кол ойнотуп, хадистерден интермедияларды аткарып, баарына жагымдуу маанай тартууладык. Ректор дагы мага өзгөчө мамиле кылып, “ишиңди кыл” дебей, көтөргөн демилгемдин баарын колдоду. Кийин арабдар демөөрчү болуп, драмтеатрга чоң иш-чараларды өткөрдүк. Чубак устаз экөөбүз алып баруучу болуп, жакшы кечелерди уюштурдук.
 Баарынан кызыгы, ректордун бузук машинесин жүргүзүп алып, Чубак ажы менен баптисттерге дааватка барчубуз. “Ош базарда көзү ачыктар көбөйүп кетти” десе, ыйманга чакырыш үчүн аларга барчубуз. Илияз агайдын айткандарын мен орусча которуп берчүмүн. Жаңы келген кыздарга лекцияларды уюштуруп, жоолукту туура салынууну, туура даарат алып, намаз окууну үйрөтчүбүз. Бир кемпир намаз үйрөнгүсү келип жатканын угуп калсак, ага чуркап барчубуз. Кыскасы, окуудан тышкары ушундай иштер менен күнүбүз өтчү.
-- Чубак ажы менен курсташ белеңиз?
-- Ал менден бир курс жогору окучу. Азыркы казы, муфтийлердин баары мени менен чогуу окугандар... 
-- Кандайча бат эле оозго алынып, элге сиңип кеттиңиз?
-- Кимсанбай ажы раматылык үчүнчү курсумда “муниципалитетте иштеген аялдарга мэрия конференция уюштуруп, беш күндүк тренинг өткөрөт экен. Сен барып, суроолоруна жооп берип кой” деди. БУУнун программасы менен уюшулуп жаткан тренинг окшойт. Аялдар тренингин токтотуп, мага гана суроо берип калышты, “сиз жакшы түшүндүрөт экенсиз” дешип. Ошондон кийин эл аралык уюмдар мага көп кайрылышты. Алар менен тыгыз иштешип калдым. Ошо менен динге баш-отум менен кирип кеттим. 
Кимсанбай ажы мени “Жамыке” дечү. “Сен орусча жакшы сүйлөйсүң, Жамыке, барып кой” деп көп жакка жөнөттү. Экинчи курста Мыктыбек ажынын “Жалаң кыздар жана мен” деген көрсөтүүсүнө бардым. Мыктыбек ажы баптист экөөбүздү чакырып алып, “эмнеге жоолугуңду чечпейсиң? Мисалы, мен азыр “сени жоолугуң жок көргүм келип жатат” десем не дейсиң?” деген кызыктай суроолорду берди. Эки-үч жолу “бул парз” деп жооп бердим. Кайра эле ошол сыяктуу суроо бере берди. Акыры “мен силерди жыпжылаңач көргүм келип жатат. Сиз көрсөтүүнү жылаңач алып барасызбы?” десем унчукпай басып кетти. Мына ушундай көрсөтүүлөргө жөнөтүп, дамблалар бизди аябай бышырган экен.
1995-жылы “ОРТдан келиптир. Ислам университети жөнүндө интервью алат экен” деп ага да мени “сүйлөп бер” дешти. Кыскасы, Орто Азиядан ким келсе деле мен интервью бере берип, элге сиңип кеттим окшойт. 
-- Врачтардын миссиясы улуттун саламаттыгын сактоо экен. Сиздики кандай?..
-- Менин негизги миссиям диний чөйрө менен мамлекеттин ортосунда көпүрө болуу. Ошон үчүн өзүм ачкан уюмду “көпүрө болсун” деген ниетти максат кылып ачкам. Анткени, мамлекет менен диний чөйрөнүн ортосунда ажырымды жок кылууга аракет жасашыбыз керек. Диний чөйрөгө да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, туура багыт, билим беришибиз шарт. Ошондо азыркыдай майда нерседен конфликттер чыкпай калат. Аял-эркек дебей баары билимдүү болсо, жашообуз оңолуп, мамлекетке да чоң пайда болот. 
-- Аялдар уюмун ачууга эмне себеп болду?
-- Ислам университетинде окуганымда жоолукчан аялдарга жардам берүү зарыл экенин түшүндүм. Анткени, жоолукчан аялдардын да түйшүгү, чийеленген маселелери бар. 1994-1995-жылдары диний уюм ачайын деген максат коюп, Турсунбек Акун экөөбүз устав жаздык. Кем-карчын оңдодук. 1996-жылы дин агенттиги ачылып, Эмилбек Каптагаев директор болуп келди. Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрөйүн десем, “аялдардын диний уюму болбойт” дешти. “Муфтият, мечит жетиштүү” десе да көнбөй, үч жыл убаракерчилик тартып, өз уюмумду ачтым. Ага-буга түшүндүрүп, ынандыруу да оңойго турган жок. Туугандарымдын көбү: “Сага ушул уюмдун кереги барбы? Башыңды оорутуп не кыласың? Андан көрө ТИМге эле кетип калбайсыңбы?” дешти. Бирок өжөрлөнүп жатып мутакалимди ачтым.
-- Сизден башкалар диндеги теңчилик, аялдардын орду тууралуу анча айта беришпейт го?
-- Мен аны диндеги теңсиздик катары ойлобойм. Бул көрүнүштү Кыргызстандагы эркектердин түшүнүгүндөгү теңсиздик деп эсептейм. Мен табиятымдан укук коргоочу окшойм. Адилетсиздик болуп жаткан жерде тура албайм. Өз чындыгымды айтам. 
-- Кыргызстандагы дин комиссиясынын башына мүмкүн сиздей таасирдүү, адилеттүү иш кылган аял кишинин келгени туурадыр...
-- Дин комиссиясы мамлекет менен дин чөйрөсүндөгүлөрдүн ортосунда көпүрөлүк милдетти аркалай турган кызмат. Ал жерге аял кишини койсо сонун жарашмак, бирок менин талапкерлигим ал жерге туура эмес болуп калат. Анткени, мен бир динди карманган адаммын да. “Маселени адилеттүү карап жатам” деген менен жүрөгүмдө баары бир өз диниме тартып коюшум мүмкүн. Ошон үчүн ал жерге мамлекеттүүлүктү түшүнгөн, светтик көз каршы бар, туура багытта иш кылган, калыс, балансты сактай билген адам жетекчи болушу керек. Анткени, дин комиссиясы 30га жакын диний уюм менен иштешет. “Мусулмандарды жакшы көргөндөй бизди да жакшы көрүшсө” деп ойлошот. Ал жетекчи мусулмандардын иш-чараларына баргандай башка диндегилердин да мааракелерине катышып, көтөрмөлөп, көңүл буруп турушу керек. 
-- Муфтийдин орун басарына аял кишини койсо болбойбу? Эмнеге динчил эркектер аял кишини экинчи орунга коюшат?
-- Албетте болот. Түркияда 83 муфтият болсо, 83 муфтийдин аял орун басары бар. Алар муфтийлердей эле кызматтык унаа менен жүрүп, ошондой эле айлык алышат экен. Биздей болуп бүжүрөбөй эле зыңкыйып отурушат. Аалымдар кеңешинде дагы аялдар бар экен. “Эмнеге 4-5 эле аял?” десем, “окуп атышат, буюрса көбөйөбүз” дешти. Зордук-зомбулук көбөйгөнүнөн аялдар менен иштешүү чечимин кабыл алып, аялдар бөлүмүн ачышыптыр. Үй-бүлөдө чыр-чатак чыкса, аялдар аялдардын арыз-муңун угушуп, абалды жөнгө салышып, фатва чыгарган аял-эркек биригип, чырдашкан үй-бүлөгө кеңеш беришет. Ошондой эле 190 деген номурга чалып, кызыккан суроолоруна жооп алып, бирдиктүү иштешет экен. Эң негизгиси, “тигил дамбла минтти, бул антти” деген түрдүү көз караш жок экен.
Мамлекетте фатваларды бирдиктүү стандарт кылса, зордук-зомбулук да азайып, мыйзамдарды да ушул жол менен түшүндүрсө, адамдарга да бат сиңет эле. Кыргызстандын 51 пайызын аялдар түзгөндөн кийин аялдарды да жооптуу кызматтарга койсо жакшы болмок. Аялдардын да маселеси көз жаздымда калбай, учурунда айтылып, чечилип турат эле. Бизди фатва бөлүмүнө кошсо, биз дагы кайсы хадис качан айтылганын анализдеп, колубуздан келишинче салым кошмокпуз.
Көптөр “аялдар бөлүмүн ачып, Жамал өзү келгиси келип жатат” деп ойлошот. Чынында ал кызматтын мага кереги жок. Мен илимдүү, билимдүү аялдардын ошол кызматка барышын, аялдар аялдардын көйгөйүн угушун каалайм. Анткени, аял киши эркекке чечилип ыйын, муңун айтып бере албайт. Аялдарды аял гана угушу керек.
Эгембердиев Рахматулла ажы муфтий болгондо аялдар бөлүмүн ачып, “иштеп бериңиз” деген. Баарын системага салып койгондо, ал кызматтан кетип, кийинки келген муфтий аялдар бөлүмүн жаап салды. Биз бир топ маселени иретке келтирип койгон элек. Облустагы медреселерди кимдер каржылап, кимдер окутарынын баарын тактаганбыз. “Атасынан кызына же баласына калган медресе болсо, профессионалдарды жетекчи кылалы. Медреселердин деңгээлин көтөрүп, ачык кылалы. Кыргызстандын талабына ылайык сабактарды киргизели” дегенбиз. Тилекке каршы, биздин бөлүмдү жаап салышып, максатыбызга жетпей калганбыз.
-- Айрымдар мамлекет менен динди тирештире беришет го, бул боюнча кандай пикирдесиз?
-- Мамлекет менен динди тирештирбеш керек. Биз, тескерисинче, мамлекеттин колуна кол, бутуна бут болуубуз зарыл. Мамлекет канчалык өнүгүп-өссө, сен ошончолук диниңди, ишенимиңди жакшы жүргүзө аларыңды түшүнүшүбүз керек. Мага аялдар бөлүмүн жетектеп, же муфтийдин орун басары болуш кызык эмес. Мен дүйнөлүк масштабга чыккым келет. Кээде Орто Азия дагы тардык кылып калат. 
-- Духуңуздун күчтүүлүгүнөн атаңызга жакын кыз болгонсузбу деген ой келет?
-- Атам баарыбызга жакын болду. Аны менен 10 мүнөт сүйлөшүүнүн өзү бакыт болчу. Атам бизге дух берип, багыт берчү. Атама математика менен физикага кызыкканым жакчу. Шахматты билсем да убактымды коротуп, ойночу эмесмин. Мектепте окуп жүргөн мезгилде чоң класстын кыздары жумасына бир классташ кызымды стадиондун чекесине алып барып, сабаганды адатка айлантышты. Бою узун, чоң кыз классташтарымды урганда мектептин баары карап турчу, бирок эч ким жардамга келчү эмес. Мени бешинчи жумада сабамай болушту. Атама айтсам, машыктырып баштады. Апам “директоруна эле айт” дегенине көнбөй, атам “кызым өз маселесин өзү чечет” деп көшөрүп койду. Бешинчи жумада “кызым, ударың катуу болуп калды” деди. Мен таяк жээр күн да келди. Бойлуу, далылуу кыз мени урганда эңкейип туруп, өзүн соктум. Штакетникке жармашып калды. Анан таяк жеген классташ кыздарымдын баары жабылып, сабап салдык. Ошондон кийин мектепте кыздарды сабаган токтоду. 
-- Кандай жигит менен турмуш курдуңуз?
-- Билимдүү, тартиптүү, көп тилде эркин сүйлөгөн, исламды жакшы түшүнгөн жигит менен турмуш курдум. Ал билимдүү болгону үчүн мага ашыкча маселе жаратпайт. 
-- Билимдүү жигит менен турмуш курганыңызга ким себепкер болду?
-- Жакшы таанышым түшкү чайга чакырды. Бардым. Экөөбүздү тааныштырды. Убактым болуп калганынан кетип калдым. Эртеси дагы чайга чакырышты. “Убактым жок” десем, “сени сүйүп калыптыр, эми бир келип кетчи” деп кайра-кайра телефон чалды. “Анда колумду сурап барсын” деп тамашалап койдум. Машине толо гүл беришти. Эртеси колумду сурап барайын деп чалса, мен машинамды жууп аткан болом. Үйгө чалса, трубканы апам алат. Апама “Жамалдын колун сурап баралы дедик эле” десе, апам “келе бергиле” дейт. Келини экөө дасторкон жайып, даярдана башташты. Апам “мени сыйласаң эч жакка кетпей тур. Сага сөйкө салганы келатышат” деп жалына баштады. Кайненемдер келип, сөйкө салып кетишти. Ал мезгилде “Замандаш” партиясы менен түштүктө иштеп жаткам. Мен “шайлоодо көп добуш алышыбыз керек” деп чуркап жүрсөм, апам мен турмушка чыгар күндү белгилеп коюптур. Эжем телефон чалып, “апам сени менен иштешкен баардык адамдарга кыз узатуу тою деп чакыруу берди. Эми турмушка чыкпасаң болбойт. Биз да көйнөк камдайбыз. Бирок, сен да ылайыктуусун тиктире бер” деди. Мага шөкүлөсү менен укмуштуудай көйнөк тигип беришти. Укмуш даярданышыптыр. Ошентип үйдөн узатышты. Мен иштешкен элчилер, дин жолундагылардын баары келди. Мураталы ажы никебизди кыйды. Айтор, апамдын катуу аракети менен жолдошума турмушка чыккам. Сүйүүнүн баары нике кыйгандан кийин башталды. Азыр бир уул, бир кыздын ата-энеси болдук. Жашоомо ыраазымын. 
Чынайым Кутманалиева
“Азия Ньюс” гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер