Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Демократия өнүгүп, сөз эркиндиги, адам укугу корголгон жерде гана экономика өсөт”

“Демократия өнүгүп, сөз эркиндиги, адам укугу корголгон жерде гана экономика өсөт”

18-март, 09:00
436 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстанда кайсы президенттин тушунда демократияга, сөз эркиндигине кам көрүлгөнүн айтсак болот?

Турсунбек Акун:

-- Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укугу, демократиянын корголушуна кам көргөн президенттердин катарына мен экөөнү кошот элем. Биринчиси Роза Отунбаева, экинчиси Сооронбай Жээнбеков. Булар кыска убакытка иштесе да, бийликте турган мезгилде массалык түрдө оппоненттерин каматкан жок. Журналисттерди камап, адам укугун тебелешкен жок. Эл аралык стандарттарды сакташты. Адамдын ар-намысына шек келтирген сөздөрдү айткандарга да катуу чара көрүшкөн жок. Сооронбай Жээнбеков бир-эки журналистти сотко берип, бирок чоң акчаларды төлөөрдө кечирип, айкөлдүк кылган.

Демократияны аздектөө, сөз эркиндигин сактоо Акаевдин учурунда башталган. Акаев Аксы окуясынын болушуна, Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине жол берип, жер сатты деген сөзгө калса да, коррупция, үй-бүлөлүк башкарууну өнүктүрсө да, адам укугуна, сөз эркиндигине, демократияга кошкон салымы бар. Ал массалык түрдө оппоненттерин каматкан эмес. Каматса да узакка созбой чыгартып, оппозиция менен диалогго барып, интеллектуалдык деңгээли бийик экенин көрсөтчү. Канчалык сындаса да, оппозициялык күчтөр менен кызматташчу. 

 Азыр 25-30 жылда жетишкен ийгиликтердин баары токтоду. Демократия кандайдыр бир деңгээлде начарлап, жокко чыга баштады. Туура, экономика көтөрүлүп, социалдык объектилер курулуп жатат. Бирок адам укугуна, сөз эркиндигине, демократияга сокку урула баштады. Чынында демократия өнүгүп, сөз эркиндиги, адам укугу корголгон жерде гана экономика өсөт... 

Мен демократиянын ушундай абалга кептелишине эки тараптын тең күнөөсү бар деп ойлойм. Бийлик эле эмес, бейөкмөт уюмдар, граждандык коомдун өкүлү, блогер дегендер да адыраңдап, чектен чыгып кетишти. Ошондой эле демократияны да күтө албай, оозуна келгенди оттоп, жума сайын “реакция” деген күчтөр митингге чыгышып, эркиндикти туура эмес пайдаланышты. Бийликтегилерди сөгүп, көчөгө чыгып кыйкырганды адат кылышты. Демократияны бетке кармап, акылга сыйбаган нерселерди жасашты. Музейде жылаңач аялдарды бастырышты. Мына ушундай орунсуз, чектен чыккан аракеттердин жыйынтыгы демократияга сокку урду. Чектен ашып кетишкен үчүн баары азабын тартып жатышат. Бардык нерсенин чеги болот. Ошол чектен баары ашпашы керек.

Бийликтегилер да чектен аша баштады. Обу жок камап, коркутуп-үркүтүп жатышат. Таңгалганым, Сооронбай Жээнбековдун бийлигин жерден алып көргө салгандар азыр министрдин орун басары болуп, Акүйдөгү даражалуу кызматка келип алып, “тиги сайтты, бул радиону жап деп команда берип, демократияны муунтуп, эки жүздүүлүк кылып жатышат. 

Азиза Абдирасулова:

-- Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери ар кандай саясый окуяларга, адам укуктарын коргоого катышып жүрөм. Демократиянын түптөлүшү, сөз эркиндигинин жайылышы, жарандык коом, саясый партиялар боюнча институттардын түзүлүшү Аскар Акаевдин дооруна туш келгенин калыстык үчүн айтып коюшум керек. Аскар Акаевдин убагында Кыргызстан эгемендикке жетишип, БУУга мүчө болуп, алардын кабыл алган стандарттарына макул болгонбуз. Союз убагында бир эле Коммунисттик партия менен жашасак, Аскар Акаевдин тушунда көп партиялуулук системасына өткөнбүз. Бири-бирине оппонент болгон партиялар түзүлүп, элдердин саясый иш-аракеттерге, мамлекеттик башкарууга катышууга мүмкүнчүлүк жаралып, жаштардын саясый кыймылдары түзүлгөн. Экинчи жарандык коом түптөлгөн. 

Аскар Акаевдин убагында жарандык коом, бейөкмөт уюмдар, донор, грант деген түшүнүктөр келген. Союз убагында эркин журналистика, эркин басылмалар болгон эмес. Аскар Акаевдин убагында эркин басылмалар, эркин радиолор түптөлүп, мамлекеттик теле радиодо, гезитте иштебегендер эркин журналисттер болуп, оюн эркин жеткиргенге жетишкен. 

Көз карандысыз шайлоо деген түшүнүк да Акаевдин убагында пайда болгон. Союз убагында баары мамлекет тарабынан уюштурулуп, жогоркулар кимди тандаса, ошол депутат болчу. Эркин шайлоо системасы, көз карандысыз байкоочу деген шайлоонун жүрүшүнө саресеп салган жарандык коомдун өкүлдөрү да Акаевдин мезгилинде күчүнө келген. 

БУУ кыйноолоргобашка ырайымсыздыкка каршы жана аялдардын, балдардын укуктары жөнүндө конвенция, экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча эл аралык демилгелержарандык жана саясый укуктар боюнча долбоорлор да Аскар Акаевдин убагында ратификациядан өтүп, документтер кабыл алынган.

Мен бул жерде саясый Аксы окуясы, Үзөңгү-Кууштун кеткени же болбосо экономиканын талкаланганына токтолгон жокмун. Мен демократия кайсы президенттин убагында түптөлгөн?” деген суроонун айланасында гана жооп бердим.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер