Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекендин портрети тартыла баштады...

Бекендин портрети тартыла баштады...

09-ноябрь, 17:08
946 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алмустактан бери келаткан саналуу калктардын катарында кыргыз да бар. “Манаста” айтылгандай ал бирде кумга сиңген суудай, бирде толуп ташкан дайрадай болуп келе жатат. Бул узак убакытта кыргызга жанаша турган төргөштөр, басмылдар, карлуктар жана башкалардын аты калып, өзү жок. Сөз жок, бул ааламды чаң-тополоң кылып, элди тегирмендин унундай майдалаган замандарга туруштук берген кыргыз элинин кайраттуу, намыстуу уул-кыздары болду. “Алар кандай?” деген суроого, алдыда сөз кыла турган, 60 жаштын кырына чыккан Бекен Назаралиев өңдүүлөр болсо керек (!) деген ой келет.

Бул жашка келгенче Бекен көптү көрдү. Негизи, өтмүш дегениң кимди гана болбосун маал-маалы менен как тумшукка берип, жыга чаап турат. Мууну бош, кайрат, намысы жоктор бир чапканда эле сулайып турбай калат, же башканын жетеги менен жашайт. Бекен турду, турмуш аны кайра-кайра урду, ал кайра-кайра турду. Каршы жээкке өтпөдү. Өкчөгөн сайын алчысынан туруп, чигинен же бөгүнөн жатпады. Позициясын бербеди, чындыгын коргоду, намысына шек келтирбеди. Соккулар оңой болгон жок. Ал бийликтин барсканы, көралбастардын дөөшүсү эле. Ал кычкачтай кыскан кысымга туруштук гана бербей, ташка тамга баскандай, эл оозуна алынган коллаждарды тартты, гезит чыгарды, кино жаратты, сценарий, көлөмдүү китептерди жазып, жарыкка чыгарды, жан “найза учунда” турган согуш талаасында болду. Баардыгы акчанын, байлыктын кулу болуп, Американын долларына тизе бүгүп, кумир тутуп, китеп жазуу, чыгармачылык менен алектенүү (!) дегенден жаа бою качкан убакта, акыркылардын майын чыгара эзип кирди. Карап туруп, “Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз” деген сөздүн өзөгүн ушундай адамдар түзгөн го (?) деген пикирде каласың.

Бекен Назаралиев сабырдуу жана токтоо. Ал өзүнүн үстүнөн иштеп, өзүн башкара билген инсан. Оюна эмне келсе ошону сүйлөткөн сөз эркиндигинин бир жагын чоюп турса да, куру сөзгө эмес, ойдун эркиндигине, аналитикалык изилдөөгө ыктады.

“Аналитикалык” деген сөз айтылып калган соң, ага басым жасоо керек болуп жатат. Социализм деген улуу идеяны пахтанын, малдын... планы деп примитивдүү түшүнүккө жеткирген эски башкаруучулардай демократиянын да ашмалтайын чыгарды биздин “элита”. Ар нерсени айтып отуруп, “адилет күч жагында” деген жапайы, примитивтүү, түркөй, түктөй да баалуулугу жок коом түзүп алып, элди кайда баштаары эмес өздөрү кайра барарын билбей, алапайын таппай турушат. Принцип, көз караш деген ыпым жок. Эски малдын көзүн элестеткен, куйту көз карашы менен эл-жериме күйөм деп жүрүп, мекенин “ушунчалык сүйгөндүктөн” анын кызарган жеринин баарын менчиктештирип, элин да “шайлоо округум” деп энчилеп алды. Тамам! Жыйынтык ушул. Айтканы менен жасагандары ачаланып, миңдеген жылдар бою коллективдүү аң-сезим менен жашап келген элди Батыштын индивидуалдык жашоосуна бурабыз деп, ага өздөрү үлгү болбой, тууган, дос-тамыр, партиялаш дегендери кара тумоодой каптатты. Ушул өз элин жоодой чапкан алааматта бир караан келатат, мелжегенин оңко түшүрүп, эл-журтка катылгандын катыгын берип. Жакында раматылык болгон кыргыз элинин бараандуу акыны М.Алиевдин ырындай “Эч кимге калаа катын тийгизбей, өзү менен өзү болуп, өзү жолу менен, өзөктөгү көкөй күйгөн ойлорду айтып... Ал – Бекен Назаралиев. Мындай көктүктү, өжөрлүктү, беттегенин бербеген мүнөздү кайдан алган? Балким, кетменди кере чапкан атасынын эл, жер, салт, намыс, бабалары болуп кеткен Жолборс казы, атактуу Шаамырза туурасында айткандары жаштайынан көкүрөгүнөн түнөк алгандыр?.. Балким, көөдөнүнө тынчтык бербеген ойлор жаратылышынан болгондур?.. Кандай болгондо да, Бекен бул турмуштун татаал, намыс жолун бекем карманды.

Ал көп окуйт, көптү билет, көптү көргөн. Ошондой болсо да анын оозунан, биздин интеллигенциянын эки сөзүнүн бири болгон башка элдин баалуулуктарын дээрлик чыкпайт. Анын тулку бою, көз карашы, ой чабыты кыргызга гана байланган. Ушуга гана кызыгат, ушуну гана пир тутат. Андан башкасын көкүрөгүнө киргизбейт. Өмүр бою башкаларды туу тутуп, башканы абас көрүп, башкаларды үлгү кылып, өз элинде андан ашыктар турса да көрмөксөнгө салган, же көзүндө, же көкүрөгүндө тынчтык жок, “реформа, реформа, реформа” деп какшангандарга ушул жагынан үлгү боло алат. Эгер алар биздин каармандай болуп намысты карманганда, кыргыз эли, мамлекети азыркыдай капсалаңдуу абалга түшмөк эмес.

Бекендин алгачкы кесиби сүрөтчү (рассимчи). Ал билет. Адамдын портретин тартуу узак убакытты алган машакаттуу иш. Аралыктан туруп андай иштин өтөсүнө чыгуу мүмкүн эмес. Алыстан ишаарт, караан гана тартылат. Бул чакан штрих, элестер ошого болгон гана аракет. Бирок, мамонттун тишин тапса анын жалпы элесин тарткан эски илим эмес, азыркы тырнактай ДНКсы менен мамонттун өзүн жасаган заманда бир сүртүм элес деле көп нерсени айтып турат.

Бекендин портрети тартыла гана баштады. Эгер ушул мээнеттүү жана азаптуу, бирок аягы ардак жана кадыр менен бүтүүчү чындык, эмгек жолунан кайтпаса, бул инсан кайта-кайта тартылып, айтылып бүтпөгөн ааламга кирет... Мен башкы каарманга ушуну каалайм. Ал өзү эмнени каалайт? Кеп ушунда.


Шайлообек НАЗАРАЛИЕВ

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер