Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабырбек Жумабеков: "Ооруканага кайрылган бейтаптардын ичинен 88 кишиге операция жасалды"

Сабырбек Жумабеков: "Ооруканага кайрылган бейтаптардын ичинен 88 кишиге операция жасалды"

06-октябрь, 12:57
405 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ, 5-октябрда орун алган митинг башаламандыкка жетти. Башаламандыкта бир канча жарандар денесинен ар кандай жаракаттарды алышып, бир жаран каза болду.

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков аталган медициналык жайга 6-октябрь күнү саат 08:00гө карата 288 жаран кайрылганын билдирди.

"Ооруканага келген жабырлануучулардын 88ине операция жасалды. Анын 44ү аскер кызматкерлери. Ал эми калган 200 бейтапка биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Биздин кызматкерлер түнү менен тыным албай иштеди. Кызматкерлер азыр деле иштөөнү улантып жатабыз" деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинен 6-октябрь саат 08:00гө карата жалпы 590 жаран ар кандай жаракаттарды алып, борбор калаадагы ооруканаларга кайрылганын билдиришкен.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер